www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук соту адвокат Икрамидин Айткуловду үй камагына чыгарды. Мындай бөгөт чарасы 21-октябрга чейин аныкталды. Айткулов ага карата иш козголгонун ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду жактай баштаганы менен байланыштырарын “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Албетте, байланыштырам. Себеби мага айып тагууга аракет жасап жатышкан материалдар былтыртан бери жаткан. Мен жардам бере албай калышым үчүн жасашты. Кардарларымды, анын ичинде Курсан Асановду да коркутабыз дешти. Курсан Асановго жана мен коргоп жаткан башка кардарларыма басым жасоо ыкмасы болду. Айткулов кармалышын мыйзамдуу деп тапкан сот чечимине, ишти козгогон тергөөчүгө, өзү жана уулу тууралуу жалган маалымат бергендерге карата тиешелүү мекемелерге арызданарын айтты. Ага коюлуп жаткан айып негизсиз экенин кошумчалады. Адвокат 22-августта Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына камалган. Анын үстүнөн жергиликтүү тургун 2018-жылдын сентябрында арыз жазып, “беш жарым миң долларга алдап кетти” деп айыптаган. Жактоочуга Жазык кодексинин 204-беренеси “Алдамчылык” боюнча шек саналып жатканы тууралуу маалымдама берилгенин Бишкек милициясы кабарлаган.

Адвокаттын 32 жаштагы уулу Азамат Айткулов да алдамчылыкка шек саналып жатканы жөнүндө расмий кабар таратылган. Айткулов “милициянын кызыкчылыгын саткан” деген негизде кызматтан алынган Курсан Асановдун адвокаты. Асанов 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынан кийин иштен алынган, деп "Багыт.kg" гезити өз пикирин коомчулукка жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости