www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев мамлекеттин башчысы болгуча Азимбек Бекназаров, Аликбек Жекшенкуловдор сыяктуулар менен жакшы мамиледе болгон.

Президент болор менен эски досторуна болгон ысык мамиле сууп, 2011-жылы президенттик шайлоодон өтүп алган соң, булар менен катышпай, “Кайдан көрдүм кара эшек” деп бүт бийликти өзү жалгыз алгансып, Ак үйгө жакын жолотпой койгон.  

Атамбаевдин иши боюнча сурак бергендер менен кылмыш иши козголгондордун тизмеси өткөн жумада да уланды. Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров  Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында күбө катары, эки саат бою сурак берип чыгыптыр. Ал тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан суроолорду бергенин айтат: «Алар мага «Качан акыркы жолу жолуктуңуз эле? Качан көрдүңүз эле?» – деген суроолорду беришти. «Күбө катары» деп чакырышты. Мен окуяга катышпасам, көрбөсөм, эмнеге күбө болом?» деп агынан жарылды. Балким Атамбаев менен, президент боло электе бир кезде дос болгону үчүн, сурак берип жатабы?

Болбосо, Башкы прокурорлор Аида Салянова, Индира Жолдубаевалар сурак берип жатат, Бекназаров деле бир кезде Башкы прокурор болбоду беле деп сурап жатышабы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости