www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун имаратынын капиталдык оңдоодон өтүшүн жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илим изилдөө институтунун имаратындагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн текшерди. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы медициналык мекемелердин учурдагы абалы, курулуш иштеринин темпи, бейтаптар жана медициналык персонал үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты. 

Мындан тышкары, өлкөдө кардиохирургияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары жана пландары көрсөтүлдү. 

М. Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия улуттук борборунун имаратын капиталдык оңдоонун биринчи жана экинчи этаптарын ишке ашыруунун алкагында мекеменин корпустарында, анын ичинде поликлиникада, операциялык блокто, нефрологиянын жертөлөсүндө, тамак-аш блогунда, ошондой эле инженердик тармактарда (суу менен камсыздоо, канализация, электр менен камсыздоо, вентиляция) оңдоо-курулуш жана инженердик иштер жүргүзүлүүдө. Нефрология, ревматология, терапия бөлүмдөрүндө оңдоо иштери аяктады, электр менен камсыздоо, жылытуу системасы, өрт сигнализациясы жана видеокөзөмөл боюнча иштер аткарылды, 4 лифт орнотулду. Конференц-залдын, тамак-аш блогунун жана бир катар кабаттардын капиталдык оңдоосу аяктады. Поликлиника жана стационар жогорку даярдыкта турат. Министрлер Кабинетинин башчысы Кардиология жана терапия улуттук борборундагы оңдоо иштерин үч айдын ичинде аяктоону тапшырды.

Андан ары Адылбек Касымалиев Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтундагы оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Эске салсак, өткөн жылдын февраль айында мекеменин имаратында өрт чыккан. Оңдоо иштери аяктоо стадиясында турат. Ички конструкциялар демонтаждалып, терезе блоктору орнотулуп, жылытуу системасы, санитардык-техникалык системалар жана электр менен камсыздоо кабель линиялары алмаштырылды. Сырткы жасалгалоо, желдетүү жана фасаддык иштер аяктады, газификатордук бөлмө курулду, кычкылтек түтүктөрү тартылды, ламинардык шыптар жана рециркуляциялык колонналар орнотулду. 

Операциялык блоктун жана медициналык бөлмөлөрдүн толук кандуу иштеши үчүн зарыл болгон инженердик чечимдер (түтүн чыгаруу системасы, желдетүү жабдуулары, кычкылтек идиши, медициналык вакуумдук станция) жүргүзүлдү. Белгиленгендей, институтка 270 миллион сомго медициналык жабдуулар сатылып алынган. 

Иш сапарынын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы мекемедеги оңдоо иштерин үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин сапаттуу жана өз убагында бүткөрүүнү тапшырды. Иш сапардын жүрүшүндө мекемелерди заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу, калкка кардиологиялык жардам көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу, бейтаптардын медициналык мекемелерде болуу шарттарын жакшыртуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. 

Жыйынтыгында жооптуу органдарга оңдоо иштеринин жүрүшүн, мекемелерди медициналык жабдуулар менен жабдууну жана калкка көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын мындан ары да көзөмөлдөө боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Последние новости