www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афера жыттанган «Аманат» холдинги…

Мамлекеттик мүлк фондуна караган, бюджетке эң кѳп кирише киргизген ишканалардын тагдыры бүдѳмүк абалда турат. Анткени «Айыл банк», «РСК банк», «Манас» аэропорту, «Кыргыз алтын» ишканасы, «Мамлекетик ипотекалык компаниясы», «Шумкар» мамлекеттик камсыздардыруу компаниясы, «Бишкек курулуш заводу», «Кыргызнефтегаз» ишканасы жаңы түзүлүп жаткан «Аманат» холдингдин карамагына ѳткѳрүлүп жатат. 

Бул жагдайды карапайым калк эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттары дагы түшүнбѳй турушат. Себеп дегенде аты аталган ишканалардын баары тең бюджетке эң кѳп киреше алып келишет. Анан буларды Мамлекеттик мүлк фондунан ѳзүнчѳ бѳлүп чыгып, башка жаңы холдинг түзүп, анын карамагына ѳткѳрүүнүн кандай зарылдыгы бар деген суроо туулат? 

Мындан улам, коомчулукта түпкүлүгү бүдѳмүк мындай схеманын артында ким турат деген шектенүүлѳр күчѳдү. Ал түгүл айрым депутаттар сатылат дегенди каңкуулап, кулак кагыш кылышууда. Ырасында, Мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров кимдин кызыкчылыгын ишке ашырып, Маврлык милдетти аткарып жатты экен?..

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости