www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Афганистанда «Талибан» убактылуу өкмөтү аялдардын укуктарын кескин чектеген жаңы Жазык кодексин расмий түрдө кабыл алды. Бул тууралуу The Sunday Guardian басылмасына таянып калампир уз кабарлады.

Маалыматка караганда, бул жазык  укук коргоочулардын жана эл аралык коомчулуктун катуу нааразычылыгын жаратты.

Адистердин айтымында, кодекстеги бир катар нормалар иш жүзүндө үй-бүлөлүк зомбулукту мыйзамдаштырып, аялдар менен балдардын негизги укуктарын олуттуу түрдө чектейт. Укук коргоочулар ошондой эле жазалардагы ачык теңсиздикке көңүл бурушууда. Аялга келтирилген дене жаракаттары үчүн каралган жаза айрым зомбулукка тиешеси жок укук бузууларга салыштырмалуу бир нече эсеге жеңил болушу мүмкүн.

Айрыкча жубайына карата зомбулук маселесине арналган 32-берене коомчулуктун кескин нааразычылыгын жаратты. Ага ылайык, эгерде күйөө аялын сабап, сөөк сындыруу, жаракат же көгөртүүлөрдү келтирсе да, аял бул фактыны сотто далилдей алса, эркек болгону 15 суткага камакка алынышы мүмкүн.

Бул кодекс жеке адамдын укуктарынан жогору коюлган социалдык көзөмөлдү, патриархалдык түзүлүштү жана идеологиялык басымды бекемдейт. Документ аялдарга теңсиз таасир тийгизип, алардын жүрүм-турумун, мамилелерин, үй-бүлөлүк чечим кабыл алуусун жана жеке ишенимдерин катуу чектейт, ал эми зомбулуктан коргоо чаралары өтө чектелүү.

Мындан тышкары, динден баш тарткандар үчүн өзгөчө катаал жазалар каралган. 58-беренеге ылайык, исламдан баш тарткан аялдар өмүр бою эркинен ажыратылып, тооба кылып кайра исламга кайта элекче ар үч күндө 10 жолудан камчы менен урушу мүмкүн. Эркектерге карата башкача мамиле колдонулат: аларга үч күнгө чейин тооба кылууга мүмкүнчүлүк берилет, андан кийин гана өлүм жазасына тартылуу коркунучу жаралат.

Эске салсак, буга чейин «Талибан» убактылуу өкмөтү чет элдик инвесторлорго өлкөдө жашоого уруксат берүү маселесин талкуулап жатканы тууралуу кабарланган.

Мухаммад Ходиев, Ташкен

Последние новости