www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айдын ичинде бөйрөгүнө операция жасатуу үчүн Түркияга учуп кетиши керек болгон Кулбү Мамырова 10 миң доллар жана 300 миң сомун уурдатып жиберди. Дарыланууга делген каражат дүйнө жүзү боюнча чогултулган. Өзү да ооруганына карабай базарда дем алышсыз иштеди. 16-ноябрда болсо үй-бүлөсү кайрымдуулук концертин уюштурушкан.

“Концертке менин жердештерим жана кайдыгер карабаган адамдар келишти. Аларга абдан ыраазымын”, -дейт Кулбү Мамырова.

Дүйшөмбүдө, 18-ноябрда уурулар анын үйүнө кирип, дарыланууга деп чогулган 10 миң доллар жана 300 миң сомун уурдап кетишкен.

“Ошол күнү жолдошум жумушка, балдарым иштери менен кетишкен. А мен дарылануу процедурасына баргамын, үйдө эч ким калган эмес. Ушул мезгилде уурулар кириптир. Мен үйдө болгону бир жарым саат гана болгон жокмун” -деп билдирет бул аял.

Үй-бүлө ошол замат эле милицияга арыз жазышкан. Бирок, азырынча уурулар табыла элек.

Аялдын айтымына караганда операция ушул айда болмок, бирок, үй-бүлө туңгуюкка кептелип калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости