www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку президент Атамбаевдин Кой-Таштагы окуясы ушул жылдагы эң орчундуу темалардын бири болду. Жогорку Кеңештин спикери Жумабеков Дастандын айтуусунда, бүгүн ушул окуяларды сүрүштүргөн мамлекеттик комиссия берген отуз беттен турган жыйынтыгы менен таанышыптыр. Бул комиссия өз иштерин 2019-жылдын 3-сентябрында баштап, 2019-жылдын 27-ноябрында 7-8 августта болгон Кой-Таш окуяларынын жыйынтыгын Жогорку Кеңеш аркылуу эл алдына алып чыккан турат.

Кой-Таш окуяларынын чыгышынын субьективдүү себептери

Акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттеринде Өзбекстанда, Кыргызстанда жана Казакстанда президенттик алмашуулар болду. Каримовдун диктатордук режими анын көзү өткөн соң 2003-жылдан бери премьери болуп турган Шавкат Мирзияевдин колуна өттү. 2017-жылдын күзүндө 2010-жылдагы Башмыйзам менен президент Атамбаевдин мөөнөтү аяктап, СДПК партиясы өз курултайында көрсөткөн өкмөт башчысы Сооронбай  Жээнбеков президент болду. 2019-жылы көп жылдардан бери президент болуп келаткан карыя Нурсултан Назарбаев 66-жаштагы Касым-Жомарт Токаевге бийлигин өткөзүп берди.

Кыргыз Республикасына президент болуп, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин СДПК партиясынан көрсөткөн талапкер Сооронбай Жээнбеков президент болгон. Ошондуктан, СДПК партиясы өз катарын бузбай, Кыргызстандын гүлдөп өнүгүшүн, келечегин ойлонсо, жалпы мамлекет үчүн туура болмок. Азыркы жана мурунку президенттердин ортосунда болгон мамилелер ар кандай себептер менен сууп, экөөнүн ортосундагы от жагуулардан соң, “Эки тоонун чөбүн эңсеген” жасакерлер мурунку президент менен жаңы президентти кагыштырып, натыйжада “Кой-Таш окуясы” калкып чыкты.

Бул ишти тынчтандырып, Кыргызстанды стабилдүүлүккө алып келүү үчүн орус ишкерлеринин көмөгү менен июль айынын аягында Орусиянын президенти Владимир Путин экс-президент Алмазбек Атамбаевди кабыл алган. Кыргызстанда болуп жаткан окуялардан кабарлар Кремль Атамбаевди жакшылыкка чакырган.

 

Кой-Таш окуяларынын чыгышынын обьективдүү себептери

Кой-Таш айылында болуп өткөн окуялардын обьективдүү себептери көп. Бул окуялар боюнча комиссия жарыялап жаткан отуз бет мүмкүн бир жактуу болуп калар. Ооба, бийликтин алмашканына эки жылдан ашты. Көпчүлүк үчүн президенттерди гана алмаштырып койгондой, мурунку президент жанына тамырлап жүргөндөр жаңы президентке ооп, демократиялык эмес, өздөрүнүн терисин сактап калуу максатында парламенттик шайлоого аттанган турушат.

Экономикалык жаатында өсүш болуп жаткандыр, бирок азырынча ачык эл алдында сезиле элек. Мамлекеттик бюджет тарабынан ардактуу кесиптин ээлери мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү 2019-жылдын октябрынан башталды. Буга сүйүнүп акактап кол чапкыча, кыргыз эли таянган ундун баасы асмандап кетти. Өткөндө, бир-эки күн электр жарыктары өчүрүлүп, эл кайсы заманга туш болуп баратабыз деп, акыл тегереткиче кайра өз ордуна туруп, кудайга тобо электр жарыгы ушул суукта өчпөй калды. Анча-мынча кеткен экономикалык аксоолор бүгүн бир гана Кой-Таш окуясын баштаган Алмазбек Атамбаевге эмес, элди колдогон жана азыркы бийликти сүйбөгөндөр үчүн чок ыргытары белгилүү. Ошондуктан, бийлик да, отуз бет Кой-Таш окуясы боюнча каралоо келди деп шапкесин ыргытып жаткан парламент да, Атамбаевди каралоону гана эмес, элдин жашоосун бир аз илгерилетүүнү ойлонуша турган учур келди.

 

Атамбаевдин Кой-Таш окуясы боюнча жазгандарынан

 Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 13-ноябрда абактан элге кайрылуу жасады. Анда ал өзүнүн тарапташтарына карата куугунтук болуп жатканын, президент Жээнбеков тараптан өзүн жаманатты кылууга аракеттер болуп жатканын билдирген. Анан да анын сөздөрүнөн өзүнүн күнөөлөрүн дагы деле сезбегени байкалат.

Төмөндө мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүн толугу менен беребиз:

«Урматтуу мекендештер! УКМКнын атайын бөлүгүнүн 2019-жылдын 7-августунда менин үйүмө курал менен мыйзамсыз басып кирип, ал жердеги Кыргыз Республикасынын экс-президенти менен салтка айланган жолугушууга чогулган тынч калкка ок атканынан бери үч ай өттү.

УКМКнын жана ИИМдин менин үйүмдөгү мыйзамсыз иш-аракеттеринен улам ок атуу туурасында маалымат каражаттарынан угуп, кыжыры кайнаган жакын жердеги жергиликтүү тургундар жана башка жарандар чогулушкан. Адамдардын кыжырданганына карабай, күч түзүмдөрү өзүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин улантышкан жана анын натыйжасында кагылышуулар болуп кетти. Көптөгөн адамдар жаракат алып, бир адам каза тапты.

Оор жоготууга учураган Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө дагы бир жолу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мындай жоготуунун ордун эч нерсе толтура албайт. Мен акыйкат салтанат кургандан кийин анын үй-бүлөсүнө жардам берип, колдоо көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгүм болот деген үмүттөмүн.

Жабыркагандар жана жаракат алгандардын тезирек айыгып кетүүсүн чын дилимден каалайм. Эми алардын көпчүлүгү Кыргыз Республикасынын экс-президентин кыйын мезгилде колдоп келгени үчүн гана адилетсиз куугунтукка туш болушууда. Мунун канчалык оор экенин айтууга сөз таппай турам. Мен муну эч качан эсимден чыгарбайм.

Бүгүн өлкөнүн карапайым жарандары бийликтин өкүмзордугу астында таптакыр коргоосуз калганына андан бетер жаным ачып турат. Өзүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттерин жаап-жашырууга умтулган өлкөдөгү бийлик бутактары жана жогорку кызмат адамдары бардык нерсени чакчелекей кылышууда. Ак үй мыйзамсыз буйрук берген адамдарды жоопкерчиликтен калкалап, тергөө органдары аркылуу «массалык башаламандыкты уюштургандарды» жазалоону көздөп жатканын жана ошол эле убакта нараазычылык тынч адамдарга ок аткандан кийин, Кыргыз Республикасынын экс-президентинин үйүнө куралчан адамдар мыйзамсыз басып киргенден кийин гана башталганын атайын «унутуп жатканын» түшүнө баштаган адамдардын саны күндөн күнгө өсүүдө. Мындайча айтканда, бийлик, арабаны аттын алдына койгондой, каргашанын кесепеттерин анын себептеринин астына коюуда.

Коркутуп үркүтүп, ооздорун жабууга аргасыз кылуу максатында оппозициялык депутаттар Асел Кодураңова менен Ирина Карамушкинаны үй камагына алуу туурасында чечим болду. Ойдон чыгарылган шылтоолор менен КСДПнын Төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны, КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаевди жана КСДПнын башка өкүлдөрүн улам суракка чакырышууда. Эч кандай реалдуу негизи жок туруп, бир гана моралдык жана физикалык жактан кысым көрсөтүү максатында Фарид Ниязов, Канат Сагымбаев, Кыяс Смаилов, Амантур Жамгырчиев, Залкар Бакиров, Фархад Баабиев, Алга Кылычов, Курманбек уулу Ринат, Марат Шаменов, Канат Осмоналиев, Рыспек Карыбек уулу, Кулалиев Азирет, Нооруз Капар уулу жана башкалар 1-СИЗОго камалышты.

Колго тийген маалыматтарга караганда, алардан Ак үй ойлоп тапкан «массалык башаламандыктардын» жана алтургай, «бийликти күч менен басып алуу» божомолун тастыктаган көрсөтмөлөрдү «сыгып алуу» максаттуу түрдө жүрүүдө. Тынч жарандардын 7 жана 8-августтагы кыжырдануусунун жана нараазычылыгынын себеби бирөө гана: аларга 7-август күнү кечинде жана 8-август күнү куралдуу кол салуу болуп, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар катуу сабалып, жаракат алганында болду.

Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шектелип жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, УКМКнын атайын бөлүгүнүн жоокерлерин аман алып калган так ушул адамдар болушкан. Чектен чыгып кеткен бийликтин жүзү каралыгына кыжыры кайнаган адамдарды тынчтандырып, токтотуп тургандар ушулар болгон.

Урматтуу мекендештер! Бийликтин бул иш-аракеттери өлкөнүн кызыкчылыгына эч кандай тиешеси жок экени айдан ачык. Бул иш-аракеттердин баары Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан болуп жатат жана анын бирден бир гана максаты экс-президент Алмазбек Атамбаевди жаманатты кылуу, көзүн тазалай албагандан кийин аны моралдык жактан жок кылуу болуп эсептелет.

7-8 – август күндөрү Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга байланыштуу иштер боюнча СИЗОго камалгандардын баарын, эң башкысы, мыйзамдуу түрдө бошотуу адилеттүүлүк болмок. Ким ким, бирок бийлик бул адамдардын эч кандай күнөөсү жок экенин абдан жакшы билет. Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8 –августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени.

Кымбаттуу мекендештер! Президенттик кызматта абийирдүүлүк менен таза иштеп бердим, сиздердин колдооңуздар менен биз Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн, улуттук духту көтөрүү үчүн көп иштерди чогуу жасадык. Катачылыктар да болду, анын баарын мойнума алып, Кыргызстандын элинен кечирим сурадым. Мен өзүмдүн айрым досторума жана жардамчыларыма, күч түзүмдөрүнө абдан эле ишенген экем. Бирок мен Кыргызстандын элинин жыргалчылыгына, өлкө атагы үчүн, адамдар үчүн таза иштедим.

Бүгүнкү бийлик саясатчыларды коркутуп –үркүтүп, адамдарга калыс жана акыйкат маалыматты жеткирүү жолдорун бууп салды. Мындай кырдаалда көптөр, А. Солженицын айткандай, «калпты жашоо формасы» кылып тандап алышты. Бирок жалаң коркутуу менен саткынчылыкка, жүзү каралык менен жалганга таянган бийликтин түркүгү эч качан бекем болгон эмес. Мен мезгил баарын ордуна коёруна ишенем. Кыргызстандын эркиндикти сүйгөн эли куру намыс менен кежирликтин, принциптердин кайда экенин өзү териштирип алат. Коррупционерлердин жана үй-бүлөлүк кландын кызыкчылыгын ким коргогонун, ал эми Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын ким коргонун түшүнөт. Ким элдин ынтымагын реалдуу бекемдөөгө иштегенин, ким куру сөздөн ары кете албаганын, ак каранын баарын ылгап, териштирип алат. Баарына мезгил тараза!».

Сөз аягы

Абактагы Алмазбек Атамбаевге Раиса Атамбаева менен жолугууга уруксат берилди. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Атамбаевдин жактоочусу журналисттерге билдирди.

Анын айтымына караганда, Биринчи Май райондук соту Раиса Атамбаеванын суранычын канааттандырып, жолдошу менен жолугушууга уруксат берип, баласы Кадыр Атамбаевге уруксат бербей койгон. Ошондой эле жактоочу Атамбаев китеп окуп, спорт менен машыгып жатканын кошумчалады. Эске сала кетсек, Алмазбек Атамбаев оор кылмыштар боюнча бир топ беренелер менен айыпталып, 8-августта камакка алынган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости