www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер Аида Касымалиева өзүнүн Фейсбук баракчасына өзүнүн карантинге алынгану тууралуу билдирүү жазып чыкты.

Саламаттыгымды сураган бардык мекендештерге чоң ыраазычылык билдирип, ушул жакка бир жооп жазып коеюн.

Тест таза чыккан, ооруганым жок, маанай сонун, бирок 14 күндүк карантин - алдын алуу максатындагы аргасыз чара жана мен бул эрежени сыйлайм. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген ушундай кырдаалда да билинет.

Үйдөгү карантиндин 4-күнү аяктап бара жатат. Вирус жок болсо да, жарандык жоопкерчиликти эске алуу менен аягына чейин отурам.

Эң оор сезилгени - үй-бүлөмдү көрө элекмин, кызымды өзгөчө сагындым, жолдошум экөө ата-энебиздикинде. Жолдошум азык-түлүк алып келип, эшиктин түбүнө таштап кетүүдө.

Жөн эле көчөдө басып жүрүү - биз үчүн байкалбаган бакыт. Жөн эле тынч жашоо, күнүмдүк көйгөйлөр менен алпурушуу - бул да бакыт.

Эң жакканы - үйдөн иштөө алда канча натыйжалуу да болот экен. Көптөн бери кол тийбей жүргөн иштерди шашпай, майын чыгара жасоого убакыт табылды.

Дарыгерлер келип кетишкен, күн сайын телефондон кабар алып жатышат, бирок сыркоонун бир да белгиси жок, анын үстүнө анализ таза.

Баарыбызга сабыр, аманчылык, ынтымак, жоопкерчилик каалайм. Кыргызстанга вирус келбей, ал арада маселе чечилип калсын".

Эске сала кеткек, вице-спикер Аида Касымалиева менен депутат Абдыбек Дюшалиев 13-мартта үй карантинине алынган. Алар парламенттин чакыруусу менен Германияга барып келишкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости