www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айтайын дегенибиз, Бишкек шаардык №1 бейтапкананын мурдагы директору Айдарбек Шакировдун чуулуу иштери аныкталып, бейтапкананын жоон топ дарыгерлери адилеттүүлүк үчүн акырына чейин күрөшүүгө барышкан. Президентке жана бийликтин башка бутактарына кайрылуу жолдошуп, саламаттык сактоо министрлигинин астына митингге чыгышып, акыры аны ошол убактагы министр Талантбек Батыралиев «былыктары» апогейине жеткенде кызматынан алууга мажбур болгон. Ошондон улам бир катар суроолорду жолдойлу.
Айдарбек Шакировдун директор болуп келиши менен бейтапканада коррупция күч алып, дарыгерлердин кызматына жана макамына жараша айлык маяналарынан мыйзамсыз түрдө миң сомдон беш миң сомго чейин өз чөнтөгүн кампайтуу үчүн кармап калууну адатка айланганы жалган беле? Мындан тышкары, кадрлардын кадырын кетирип, бир топ дарыгерлерди мыйзамсыз иштен алып, орун бошотуп, ал орундарга «ставка» алып, башкаларды даярдоо операциясын баштаганын дарыгерлер ачык айтып чыгышканын кантебиз? Эң кызыгы, коррупциялык былыктарын дарыгерлердин жоон тобу далилдеп беришип, акыры мыйзамсыз иш аракети үчүн кызматтан айдалган Шакировдун ушул күнгө чейин кылмыш жообуна тартылбай ээн-эркин чардап жүргөнү кандай? Тескерисинче, Шакиров өзүн ак карга сыпаттап, дарыгерлерди сотко берип, райондук соттон утуп чыгышы кайсы логикага сыят? Бул чечимге макул болбогон дарыгерлер «чындык үчүн аягына чейин турабыз» дешип, шаардык сотко кайрылышты, адилеттик болобу? Шакиров мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартылбай, кайра дарыгерлердин өздөрүн сындырууга ашыкканы эмнеси? Жогору жактагыларга таянганы, президенттик аппараттын орун басары Алмаз Кененбаевден жардам күткөнүн кандайча түшүнөбүз? Ананчы, Акүйдүн жетинчи кабатын ээлеген мындай «крышасы» турганда тоону деле томкоруп жиберет да, туурабы? Андыктан, Кыргызстанда коррупция менен күрөшүү – кызматынан алуу менен гана тим болобу? Кыскасы, абал чатак, суроолорго жооп болобу?..
Торгой Бекмуратова
Булак: "Азия ньюс"