www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ырчы Айдана Декага сүйүктүүсү Аваз Акимов жакында эле унаа сатып берсе, жылдын жаңырышы менен белек катары сулуулук салонун ачып берди. Мындан улам дагы бир жоопкерчилик моюнуна тагылган ырчы кыз учурда 14-февралда өтө турган Аваз Акимов экөөнүн биргеликтеги концертине даярданып буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн учуру экен.
- Салам Айдана, салонуң кут болсун! Сүйүктүүңдүн бул белеги сен үчүн күтүүсүз болдубу?
- Рахмат.Негизи бул сүйлөшүлгөн белек болгон.Чогуу кеңешип, анан салондун эркектер билбеген жумуштарын өзүм эле аткаргам.4-5 айдай даярданып жүрүп, анан баары даяр болгондо Аваз мага белек кылды.Бул бизнести биз албетте, экөөбүздүн келечегибиз үчүн ачтык.Элге көрүнүү үчүн ачкан жокпуз.Коомчулукка жарыялабай эле коёлу деп ойлогонбуз.Досторубуз, өзүбүз чыгармачыл адамдар болгон соң камерага тартылып калып эле социалдык тармак аркылуу элге жарыяланып калат экен.
- Анан убактыңдын бардыгын салондо өткөрүп жатасыңбы?
- Жаңы ачылганда бир ай бою салондо өзүм отурдум.Эми эле келип-кетип көз салганга өттүм.Ошондо деле бир аз бош убактым боло калса эле салонго жөнөйм.Келген кардарларымды кабыл алып, кийимдерин илип, чай, кофе куюп берип жардам кылам.Мындан сырткары өзүм маникюр жасоону үйрөнүп атам.Муну жакшылап өздөштүрүп алсам, салонумдагы тогуз кызматтын бардыгын четинен үйрөнөйүн деп атам.
- Сулуулук салонун иштетүү деле оңой-олтоң иш болбосо керек, кыйынчылыгы сезилип жатабы?
- Салон ачарда эле бир топ түйшүктүү, ары абдан жоопкерчиликтүү ишти мойнума алып жатканымды түшүнгөм.Бирок бул жумуш өзүмө абдан жагып атат. Жакында эле үйүмдөгүлөр менен сүйлөшүп отуруп: “Эгерде ырчы болбосом, бий студиям жок болсо, эртеден-кечке салондо эле отура бермекмин”,- деп сулуулук салон иштетүү кызыктуу экендигин айттым. Бий-мен кичинекейимден билип-көрүп жүргөн, көнгөн чөйрө. Ал эми сулуулук салонду сыртынын эле көрүп жүргөнүм болбосо, сырларын билчү эмесмин. Азыр бул бизнести өнүктүрүү боюнча китептерди окуп, сураштырып үйрөнүүнүн үстүндөмүн. Азыр салонумда косметологдун гана кызматы жок.Жакшы костемолог таппай ага арналган бөлмөм азырынча бош турат. Калган мастерлеримди бат эле таптым.
- Кардарлар келип, киреше түшө баштадыбы?
-Учурда салондо косметологго арналган бөлмөм гана бош турат, азырынча жакшы косметолог таба элекмин. Башка мастерлерди бат эле таап, азыр ар бир мастерге жок эле дегенде экиден кардар келип аз болсо да киреше түшө баштады.Бир ишти сүйүү менен аткарсаң, акча өзү эле келип баштайт.Салондо дагы биринчи кезекте эле сапатка басым жасап жатам.Элдерди тартуу үчүн эч жакка жарнама берген жокмун.Өзүнөн-өзү эле салондун баракчасында катталуучулардын саны көбөйүп кетти.
- Сүйүшкөндөр күнүнө карата Аваз экөөңөр концерт коёт экенсиңер, даярдык жакшы элеби?
- Биргеликте концерт берүүнү менин концертиме чейин эле пландаганбыз.Бирок мен биринчи жеке концертимди бергим келген. Анткени жеке концерт берүү ар бир жеке ырчынын кыялы.Казак ырчысы менен концерт берүү, атүгүл чыгымдын бардыгын алар көтөрүү боюнча сунуш болгон.Анда да алгач жеке концерт берем деген оюмдан кайткан эмесмин. Кыялым орундалгандан кийин гана Аваз экөөбүздүн чогуу өткөрө турган концертибиз тууралуу ойлоно баштадык.
- “Концертте Аваз Айдананын колун сурайт” деп ишенимдүү айткандар арбын.Муну сен да күтүп жатасыңбы?
- Өзүмдүн концертимди берерде дагы ушинтип айткандар көп болгон.Айрыкча экөөбүз дуэт ырдоо үчүн Авазды сахнага чакырганымда ал кучак толо гүл менен чыкса элдин баары “болду, азыр колун сурайт” деп күтүшүптүр.Гүл менен келе жатканын көргөндө өзүм деле ошентип ойлоп кеткем.Эми бардыгын эркек катары Аваз өзү чечет.Эгерде дал ошол күнү колумду суроону туура көрсө, албетте, менден “ооба” деген жооп болот.Негизи, ачыкка чыгардан мурда эле ата-энелерибизди сүйлөштүрүп, 2019-жылы үйлөнөрүбүз чечилген.Бирок кайсы ай же мезгил экендиги ушул күнгө чейин деле белгисиз.
- Негизи келин болууга даярсыңбы?
- Турмушка чыгарың белгилүү болгондон кийин чынында ойлонгонуң, жүрүм-турумуң башкача болуп калат экен.Жалгыз, эрке кыз болгонум менен апам мага үй жумуштарын, ашкана сырларын бүт үйрөткөн.Өзүм да тамак жасоого абдан кызыгам.Биздин үйдөгү сынчыбыз – таенем.Даамсыз тамак болсо дароо бетке айтат. Ал ”Айданамдын эле тамактарын эки порция жей алам” деп айтат, демек, ашканада жакшы элемин.
- Аваз сага катар-катар белектерди кылганда социалдык тармактарда терс сын-пикирлер көп болду...
- Ооба, “ушул нерсени ата-энесине кылбайбы” деген маанидеги пикирлерди көп жазышты.Аваз ата-энеси үчүн көп нерсе кылат, бирок аларды элге жарыя кылбайт.Ата-энесине кылган дал ушул жакшы мамилеси үчүн мен Авазды тандагам.Ата-энеге кандай мамиле кылуу керек экендигин андан көбүрөөк үйрөнсө болот.Эч качан бир сөзүн эки кылбайт.Сюрпризди жасап, белектерди көп берет. Ата-энесине байланыштуу дагы да көптөгөн пландары бар.
- Болочоктогу кайната- кайненең менен мамилең кандай?
- Аваздын ата-энеси менен гастролдоп барганда таанышканбыз. Бат эле тил табышып, сүйлөшүп кеткенбиз. Аларды өзүмдүн ата-энеме окшоштурдум. Эсимде, концерттен кийин Аваздын үйүнө конокко барганда баары уктап калышкан. Ошондо төртөөбүз эле калып, ушунчалык сөзгө кирип кетиптирбиз, таң атканга дейре сүйлөшүп отурганбыз. Алгачкы жолугушууда эле мени жакшы тосуп алышкан. Менин ата-энем дагы Авазды өз баласындай жакшы көрүшөт. Мага караганда, Аваздын таламын талашып турушат.
- Жыл башында Аваз достору менен Таиландка эс алууга барып келди.Сен эмнеге барбадың?
- Эс алууну алгач пландашканда үй-бүлөлүү достору гана жубайлары менен бармак. Бирок кийин бойдок достору дагы кошулушуп мени “сөзсүз бар” дешкен. Ал учурда биз салон ачып калдык, жаңы башталып жаткан ишимди таштагым келген жок. Дагы бир себеп, Таиланд мага жакпайт, кызыккан да жокмун. Ошондуктан Авазга жалгыз эс алып келүүнү сунуштагам.
Булак: "Леди кж"