www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ренат Түлөбердиев деген «мадырабаштын» тажрыйбасы жетишсиз экени кол алдындагыларга маалым болгондон бери ишти жөндөп кетээрине ишене албай калдык. Олтурат, жаңы келген келиндин образында. Аны созолонтуп отургузуп койгондон не пайда? Тармакты өнүктүрүү үчүн кандай кадам шилтөө керектигин, планды кандай түзүү зарылдыгын билбеген неме жыргатабы? «Мамлекетте канча мүлк бар? Канчасы ижарага берди? Аны сатууга эмне негиз болуп атат? Ижарадан канча каражат түшүп жатат?» деген суроолорго жооп бере албайт. Кандай суроо берилбесин, «Ал учурда жетекчи башка болчу» деген жообу даяр.

Эгер Ренат мырза иштеп жаткан болсо, жараткан ийгиликтерин тизмектеп айтып берсин. Гезит бетинен орун берели. Айта албайт да, куурай башын сындырбай олтурса эмнени айтат?!.

Булак: “Де-Факто”

Последние новости