www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги экс-депутат Надира Нарматова менен өкмөттүн чабалдыгы, парламенттин алсыздыгы, кадр саясатындагы мүчүлүштүктөр жана жаңы жылдан кийин күчүнө кирген, дүңүнөн талкуусу жок эле кабыл алынган кодекстер тууралуу сүйлөштүк.
-Надира Азимовна, бийлик туура эле багытта баратабы же туура эмес жолго түшүп алдыбы?
- Азыркы бийликтин иш жүргүзүү аракетине көз чаптырсак алдыга койгон максаттарын эске алсак, туура эле багыт тандагандай көрүнөт. Мисалы, таза шаар, таза коом баштаган долбоорлор 180ден ашык кызматты электрондук тейлөөгө өткөрүү менен майда барат кызмат көрсөтүүдөгү коррупциялык схемаларга бөгөт коюшу мактоого арзыйт. Ошондой эле укуктук жактан жаңы кодекстерди ишке киргизилди. Бирок, өкүнүчтүүсү ушундай багыттардагы иштерди иш жүзүнө ашырып, реформа жүргүзүп, коомго пайда келтирип, жыйынтык берүүчү фактордон алсыз болуп жатышат. Анткени, бийликтин күчтүү кадрлардан куралган, темирдей тартип менен иштеп, жоопкерчилигин сезе билген командасы жок. Бул нерсе реалдуу жашоонун ачуу чындыгы болуп калды.
Бийлик кесипкөй адистер менен кызматташпаганы үчүн абдан аксап жатат. Себеби, чийеленишкен маселенин көбүн такшалган позициясы бар, тажрыйбасы мол, теорик эмес практик кадрлар чечет. Ушундай кадрлардан командасына кошпогону үчүн бийликтин иши анча илгерилебей жатат. Орто зар кадрлардан орто зар, өкмөт түзүлдү. Чабал өкмөт, чабал кадрлары менен сөздөн ишке өтө албай, өрт өчүргүчтүн милдетин аткарып жатышат. Бул жагы өкүнүчтүү.
-Өкмөткө эле эмес, парламентке да ичи жылыбагандар чыга баштады го. Бул боюнча не дейсиз?
-Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында партиялар 120дан талапкерлердин тизмесин түзгөндө, талапкерлердин басып өткөн жолуна көңүл бөлгөн эмес. Башкача айтканда, биринчи орунга 300-миңден 700 миңге чейин взноско акча төлөгөндөрдү коюшкан. Ошондой эле бийлик башында тургандарга ушак ташып тургандарды, лаппай деп буйрукту аткаргандарды, бирөөлөрдү сатып информация жеткирип тургандарды, көңүлү жакын ойношторун, коррупциялык схемалардагы шериктештерин, айтканда акча чыгарып туруучу бизнесмендерди, чаап кел десе айтканын ашыгы менен аткарчу кара күчтөрдү, спортсмендерди, шайлоочуларды коркутуп, добуштарды акчага сатып алганга жөндөмдүүлөрдү аталарынын, агаларынын артынан акчага малынган талапкерлерди алдыңкы ондуктарга киргизишти. Депутаттар партиялар ичинде акылына эмес. Каражатына жараша тандалганы үчүн жер караган, маселени жөндөп чече албаган алсыз парламент түзүлдү. Элди иренжитип, эл өкүлү деген макамдын милдетин, укугун билбегендер депутат болуп келди. Ар бир фракцияда позициясы бар, тажрыйбалуу, артында калбыры жок, бийликтин кысымынан коркпогон, өзү шайлаган өкмөттөн тайсалдабаган, 4-5тен эле депутат бар. Жогорку Кеңеште депутат болгонуна 3-4 жыл болсо да, ооз ачпаган, мандат алганына курсан болуп жүргөндөр да бар. Айтор, эл тажаганда тарасын деп жээриген парламенттин курамы мына ушундай депутаттардан түзүлдү. Депутаттар партия ичинде мына ушундай ыкма менен тандалгандыктан, чала кайым мыйзамдар жана ишке кирбей жатып жараксыз болгон кодекстер кабыл алынды.
-Өкмөттүн алсыздыгына өз квотасынан көрсөткөн фракциялардын жоопкерчилиги да барбы же алар ишин жөндөй албаган үчүн фракциялар жооптуу эмеспи?
-Өкмөтү жана анын программасын парламент бекитет, кадрлардын басымдуу бөлүгүн да фракциялар сунушташат. Ошондуктан, мамлекеттин бүгүнкү акыбалга келишине да, депутаттардын салымы чоң. Чала-кайым нерселерге өкмөттөн мурун парламент өзү жооп бериш керек. Алдын ала корккон биринчи муш көтөрөт болуп-популисттик сөздөр менен депутаттар өкмөткө сынтагып, сындаганы туура эмес. Көп нерсеге парламент өзү күнөөлүү болгон үчүн жоопкерчилигин сезип, күнөөнү ага, буга шылтабай, элди кыйнабай тарап кетишсе деле болот.
Булак: NazarNews.kg