www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айдоочулардын жаман адаттары автоунаага зыянын тийгизет

Автоэксперт Илья Пименов айдоочулардын жаман адаттары автоунаага зыянын тийгизээрин айтып берген. Бул тууралуу   "За рулем" журналы  жазып чыкты.

Алардын бири — автоунааны "жылытпай" эле айдап кетүү.

"Кандай гана заманга бап автоунаа болбосун, жайында да, кышында да жылытыш керек. Күн суукта ал сөз жок жасала турган нерсе", — деген ал.

Машинаңызды жылытып айдаңыз

Анын айтымына караганда, беш мүнөт жылытуу жетиштүү жана алгач жай айдап, андан соң ылдамдыкка өтүү талапка ылайык болот.

Аёосуз "тормоз басуу" зыян

Дагы бир зыяндуу адат — кескин ылдамдыкка салып жана кескин токтотуу, тагыраагы, аёосуз "тормоз басуу". Кескин токтоткондо тормоздук система эле жабыркабастан, светофорлордо автокөлүк тайгаланып, токтоодо кыймылдаткычына күч келип, дөңгөлөктөр да бир орунда тегерене берип сапатын жоготору айтылды.

Бурулуп жатканда абайлаңыз

Эксперт айланып же бурулуп жатканда "ручникти" такыр эле колдонбош керектигин айтты. Бул автоматтык түрдөгү башкарууга зыянын келтирсе, ал эми "вариаторго" такыр эле колдонбоо сунушталды.

Кыш мезгилинде унааңызды жуудуруп туруңуз

Пименов кышында автокөлүктү жуубай жүрө берүүнү адат кылбаш керектигин эскертти. Жолго себилген реагенттерден улам металлды дат басып кетүү коркунучу күч. Андыктан темир тулпарды жай мезгилине караганда кышында көбүрөөк жуудуруп туруш керек.

Машинаңыз карда калса зыянга учурайт

Карда калтыруу да зыяндуу адаттарга кирген. Кардын үстүндө калтыруу автоунаанын салонун каптаган катмарларга, электрикасына, трасмиссиясына, пластик жана металлдан жасалган деталдарына зыян экендиги айтылды.

Эксперт автоунааны көп мезгилге чейин токтотуп коюп, кайра айдаганда мурдагысынын үстүнө жаңы май кошуп коюу зарылдыгын эскерткен.



Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости