www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээги жер титирөөдөн каза болгондор бар

Кытайдагы жер титирөө 6, 5 балл менен  менен Синьцзянь-Уйгур автономиялык облусунда болуп өттү. Бул бууралуу Кытай сейсмологиялык кызматы билдирди. Маалыматка караганда жер титирөөнүн очогу 16 километр тереңдикте жайгашкан.

Бул жер титирөө Кытай менен чектеш аймакта 3, 5 балл болгондугун Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да тастыктаган. Кыргызстандагы жер титирөө 19-январда 19:27де болгон. Жер титирөөнүн очогу Алматыдан 379 километр, нарындан 205 километр, Ат-Башыдан 185 километр алыстыкта болгондугу кабарланды.

Бүгүн Кытайдын каналы жер титирөөдө соода борборунда кандай абал болгондугун көрсөткөн видеону чыгарды. Анда элдер дүрбөлөңгө түшүп, асма шам чырактар кыймылдап, ичимдиктер төгүлүп жатканын көрүүгө болот. Тилекке каршы видеону салганга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, 1 адам каза болуп, 2 адам оор жаракат алгандыгы кабарланууда.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости