www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-ноябрдын кечинде Түркиянын Стамбул шаарынын Фатих аймагындагы мейманканалардын биринен буга чейин Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондор боюнча иликтөөлөрдө аты аталып жүргөн Айэркен Саймаити аттуу кытайлык жаранды белгисиз бирөөлөр атып кетишкени маалым болду. «Азаттыктын» иликтөөсүндө дал ушул кытайлык жаран аркылуу Атамбаевдин убагында бир нече жыл бою 700 млн доллардын тегерегиндеги акча Кыргызстандан күмөндүү жолдор менен чыгарылып кеткени айтылган. Албетте, ал акчалар кимдердики экени айтылган эмес.
Бирок, АШАнын доорунда Кытайдан 2 миллиард долларга чукул кредит алынып, алардын көпчүлүгү жеке чөнтөктөргө кирип кеткени коомчулукка ачык эле белгилүү болуп калды.
Демек, ошол акчалардын дайыны балким Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондордун арасынан табылышы толук мүмкүн эле. Мындай сырды ал акчаларды күмөндүү жолдор менен чыгарып жүргөн Айэркен Саймаити абдан жакшы билмек. Ошондон улам бул кытай жаранынын киши колдуу болуп каза болушу көптөгөн сырларды жашырып калуу үчүн атайын жасалгандай болуп калды.
Түркияда Атамбаевдин байланыштары да көп экени белгилүү. Анын ал жакта Ахмед Кая аттуу жакын досу да бар. Албетте, алдын ала кимдир-бирөөнү күнөөлөгөндөн алыспыз, бирок «1000 адамдын канын төгүп болсо да бийликке барам» деген АШАдан көп эле нерселерди күтсө болору түшүнүктүү эмеспи, деп жазат Инсайдер KG-КР.
Булак: NazarNews.kg