www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан бир нече ай мурун Түркиянын Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнүн кырдаалын иликтөө боюнча депутаттык комиссия өз ишине киришкени маалым болду. 21-январда депутаттык комиссиянын отурумуна Улуттук банктын, Бажы кызматынын, финансылык чалгындоо кызматынын өкүлдөрү чакырылды.

Мамлекеттик финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы Гүламжан Анарбаевдин айтымында Айеркен Саймаити бул ведомствонун көз кырына 2014-жылы эле илинген экен. «Биз анда күмөндүү акча агымын тапканбыз, ал күмөндүү финансылык операцияларга Айеркен Саймаитинин катыштыгы бардыгы билинген. Бардык маалыматты биз компетенттүү органдарга бергенбиз. Финансылык чалгындоо кызматы кылмыш ишин козгой албайт. Бирок, эки жылдан кийин, 2016-жылы биздин справка боюнча бардык тергөө аракеттери түшүнүксүз себептер менен токтотулган», - дейт Гүламжан Анарбаев.

Ошондо Айеркен Саймаити Кыргызстандын чыгарылган жүздөгөн миллион долларларга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат Алмазбек Атамбаевдин убагында эле аныкталган болуп жатабы. Анан ал маалымат тиешелүү укук коргоо органдарына берилип жатат. Ал кезде УКМКда да, ИИМде да, Башкы прокуратурада да АШАнын көздөй кадрлары отурган. Эгерде ал финансылык агымдардын Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылышына Атамбаев каршы болгондо, Айеркен Саймаити ошондо эле кармалмак жана мыйзам чегинде жазасын алмак. Бирок, анын ордуна тергөө аракеттери эки жылдан соң токтотулуп калып жатпайбы. Ошондо Саймаитинин мыйзамсыз аракеттерин Атамбаев өзү калкалап турган болуп жатабы?, деп жазып чыкты Беспредел KG-КР.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости