www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда «Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун жаңы лидери Амир Мохаммед Абдель Рахман аль-Мауля. Бул тууралуу Британиянын The Guardian гезити атайын кызматтардагы булактарына шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, ал ИМ тобунун түптөөчүлөрүнүн жана идеологдорунун бири болуп эсептелет. Амир Абдель Рахман террордук топту октябрдын аягында, анын мурдагы лидери Абу Бакр аль-Багдади АКШнын Сириядагы атайын операциясында өлтүрүлгөндөн кийин жетектеп калган. Вашингтон аль-Маулаяны же ИМдин башка жогорку даражадагы мүчөлөрүн колго түшүрүүгө жардам бере турган маалымат үчүн 5 миллион доллар убадалаган.

Амир Мохаммед Абдель Рахман аль-Мауля – Иракта жашаган түркмөн үй-бүлөсүнөн чыккан. Ал ИМ тобунун араб тектүү эмес лидерлеринин бири. 2004-жылы америкалык аскерлер тарабынан кармалып, Ирак түрмөсүнө камалган. Ал жерден Аль-Багдадиге жолуккан.

Атайын кызматтын өкүлдөрү учурда «Ислам мамлекети» тобунун жаңы лидери каякта экенин так билишпейт. Болжол менен ал Ирактын Мосул шаарынын батыш тарабында жашырынып жүрөт.

Последние новости