www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек арада көйгөй чачтан көп.  Өкмөттө атайын өкүлдүн өзү жок

Чек араны делимитация жана деморкациялоо маселеси боюнча комиссиянын курамы 2012-жылдан бери бекитиле элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинде билдирди.

Анын айтымында, аталган комиссиянын курамында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жок. “Ал комиссияда учурда чек ара маселеси боюнча иш алып барбаган адамдардын ысымы жүрөт. Мисалы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров, мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев бар”, - дейт эл өкүлү.

Андан сырткары, учурда өкмөттүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлүнүн кызмат орду дагы деле бош турат. Буга чейинки атайын өкүл Курбанбай Искендеров 2019-жылдын жаз айларында Баткен облусундагы чек ара чатагынан кийин кызматынан кеткен.

Ошентип, чек ара маселеси боюнча өкмөттүн атайын өкүлү далай убакыттан бери жок. Анын ордуна ишти күч түзүмдөрүнө кураторлук кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алып барууда. Ал эми Жеңиш Разаков өзү  чек араны делимитация жана деморкациялоо маселеси боюнча комиссиянын курамында жоктугун кандай түшүнсө болот? Анын иши легалдуу (мыйзамдуу) макамга ээ болобу өзү?, - деген суроо туулат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости