www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Бука РИИБнин кызматкерлери мектептер аралык достукту бекемдөө үчүн Сары-Талaа айылынын коопсуз деп эсептелинген Чийит-Кол участкасына окуучуларды кышкы эс алууга алып чыгышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын негизги максаты район аймагындагы окуучулар арасында ынтымакты чыңдоо, топтошуп мушташуулардын, укук бузуулардын, балдарга карата ырайымсыз мамилелердин алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат.
РИИБдин кызматкерлери жаштарды кыш мезгилинде кооптуу аймактардан чана, лыжа тебүүгө болбостугун эскертишти. Мектеп окуучулары бул профилактикалык иш-чарадан көптөгөн пайдалуу кеңештерди алышкандыктарын белгилешти.
Булак: NazarNews.kg