www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атым Айгүл, 24 жаштамын. Ата-энем кичинекей кезимде эле каза болуп калышкан. Мен жана иним таежемдин колунда чоңойдук. Ал бизди колуна алгандан кийин эле, үйүбүздү арзыбаган суммага сатып жиберген. Мектепке киргичекти таежем денебизден көк кетирген жок. Күндө сабайт. Колу ооруса үбөлүк менен сабачу. Ал аз келгенсип балдары да, “Силер жетимсиңер, өзүңөрдүн үйүңөргө кеткиле” – деп апасы жокто сыртка кууп салышат. Ошондой кордуктардын баарына чыдап жүрдүк, чыдабаска аргабыз да жок эле. Бир күнү мектептеги тазалык сектору тазалыкты текшерип жатып, мойнумду көрүп чоочуп кетти. Ошондон бир күн мурда, “Үйдү таза жыйнабайсың”- деп таежем муунткан эле, ошого көгөрүп калса керек. Класс жетекчим жана 1-2 мугалим мени суракка алышты. Ал эми мен таежемдин урганы туурасында такыр ооз ачкан жокмун. Ошентсе да сезиштиби билбейм, айтор, алар дароо милиция чакыртып таежемди мектепке алып келишти. Мени заардуу караган таежем өлөөрчө актанып, мени муунтмак турсун, мага катуу сүйлөбөөрүн айтып, карганып жатты. Бирок милициялар кошуна-колоңдорду да суракка алып жатып, чындыкты билишиптир.
Ошентип, милициялар таежемди жазалап, бизди балдар үйүнө өткөрүп берди. Ал жактан эч ким бизди урбай, тагдырлаштарыбыз менен окуп жүрдүк. Таежемдин тепкисинен жалкыган жаныбыз, балдар үйүнө барып жыргап эле калдык. Ошентип, убакыт бат эле өтүп, университетке тапшырганы шаарга келдим. Өз күчүм менен контрактка өттүм. Акча табуу максатында кафелердин бирине жумушка орношуп алдым. Күнүнө 300 сом табам, кээде 1000 сомго чейин болот. Түндө иштеп, күндүз окуп жүрдүм. 1-курсту аяктагандан кийин акчанын айынан окуумду уланта албай калдым. Официант болуп иштеп жүрүп, Руслан аттуу жигит менен тааныштым. Ал күндө жумуштан чыкканымда машинеси менен үйүмө жеткирип коюп жүрдү. Өзүнүн кийимдерин иниме берип, мен менен үйлөнүү максатында сүйлөшүп жаткандыгын айтып жүрдү. “Мал аласы сыртында, адам аласы ичинде” деген кептин түпкү маңызын кийин түшүндүм. Русландын жаман оюн билгенде, ага такыр жолобойт элем да.
Жигитим сойкуканага алып барып...
Кыш болчу. Жумуштан чыгып, үйдү көздөй баратсам, Руслан адаттагыдай эле мени тосуп алды. “Асел, мени менен конокко барып келчи, 1-2 саатка эле...” – дегенинен, макул болуп, бардым. 2 кабаттуу хансарай экен. Эч нерседен бейкапар кирдим. Эмнегедир жүрөгүм бир “болк” этип алды. Ал үйгө кирээрим менен ары жакта бильярд ойногон эркектерди көрүп тайсалдай түштүм. Тамекинин жыты буркураганынан көңүлүм да айнып чыкты. Дароо эле оройлонгон Руслан, “Бул жер жаман жай окшойт го,” – дедим. “Ооба, дал ошондой! Сендей чүрөктү көптөн бери капканга түшүрө албай жүргөм. Бүгүн кылтакка өзүң илиндиң байкушум. Куткарып кетээр кимиң бар?..” – дебеспи. Оозумдан келмем түшүп эле отуруп калдым. Андан ары эмне болгонун билбейм, көзүмдү ачсам Руслан бетиме тарсылдатып чапкылап жатыптыр. Анан дароо эле, “Калп эле анткорлонбо! Эгер иниңдин тирүү калышын кааласаңэ, биз айтканды кыласың! Болбосо ит аткандай атып салабыз!” – деди да сыртка чыгып кетти. Инимден башка кимим бар эле, эптеп аны аман алып калуунун айласын ойлоп, алардын айтканына көнүп бердим. Иштеген акчамдын 20%ын иниме берип турмай болушту. Иним менен кээде гана телефондо сүйлөшкөнүм болбосо, анда да Русландын жанында...ал менен өз алдымча байланыша алчу эмесмин.
Ошентип тагдырым бырчаланып талкаланды. Күнүнө 3-4 кардар тейлеп жүрдүм. Эркектердин эшек экенин ошондо билдим (албетте, баары эмес, бирок, көпчүлүгү). Айбанга да мындай мамиле жасабаса керек. Аракка тоюп алып, каалаганын жасатышат. Кээ бири кадимкидей сабап, тепкилекйт. Баарына чыдап, иштеп жүрдүм.
Милиция жаман дешет, тескерисинче алар жакшы. Алар болбосо баары сойкуларды ит тебелегендей басып кетишмек. Бир күнү милициялар сойкуканага бастырып киришип, Русланды баш кылып кармап кетишти. Ошондо энем эгиз төрөгөндөй катуу сүйүндүм. Алар ар бирибизди суракка алып, документтерибизди колубузга карматты. “Мындан ары дагы сойкуканадан кармалсаңар, түрмөгө камайбыз!” – деп катуу эскертишти. Милицияларга аябай ыраазы болуп, документимди колума алаарым менен, иниме чуркадым.
Ошондон тарта жашообуз такыр өзгөрдү. Инимдин чогулткан акчасына Дубайга кетип калдык. Учурда бул жакта дүкөндө иштейбиз. Арабызда ата-энебиздин жоктугу гана болбосо, калганы баары жакшы. Бардык жаман күндөр артта калды. Эми-эми жашоонун кандай керемет экенин сезип жатабыз.
Булак: "gezit.kg"