www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Такылдап таамай сүйлөп, талыкпай эмгек кылып, турмуштан өз жолун таап, эл оозуна алынып калган Айпери Суранчиева учурда интернет колдонуучулардын дагы колдоосуна татып, сүймөнчүгүнө айланды. Жылдыздуу жүзү менен эфирдин көркүн ачып, сүйлөсө тилинен чаң чыккан таланттуу алпаруучу бүгүн бизде мейманда.

-- Социалдык тармактагы баракчаң аркылуу поэзия жанрындагы, философиялык ойлорду камтыган видеолорду жүктөп жатасың. Максатың мотивация берүүбү же катталуучулардын санын көбөйтүүбү?

-- Туура айтасың. Акыркы учурларда социалдык тармактагы баракчамда поэзия жанрындагы философиялык ойлорду камтыган видеолорду жүктөп жатканым анык. Негизи ар бир нерсенин себеби бар демекчи, өзүңүздөр билгендей мен эки жылдан ашуун үйдө отуруп калганыма байланыштуу өзүмдүн сүйгөн кесибимден бир топ алыстап калган экенмин. Декреттик тыныгуудан кийин иштеп жүргөн ишиме кайткандыктан, кайрадан баарын жаңыдан баштоого туура келди. Эки жыл аралыгында дикциям жоголуп, сөздүгүм азайып кеткендигине байланыштуу көптөгөн китептерди окуп, аны менен катар окуп жаткан чыгармаларымды эл менен бөлүшүп жатам. Бул бир четинен мага пайда алып келсе, ошол эле учурда элге дагы пайдасы тийип жатканына кубанып келем. Максатым мотивация берип, элдин ой жүгүртүүсүн туура багытка буруусуна себепчи болгум келет. Аны менен катар социалдык тармактагы колдонуучуларымдын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө.

-- Айымдар үчүн аксессуарларды жасап, кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип жүрдүң эле, жумушка чыккандан бери бул жагы аксап калгандай...

-- Азыркы учурда КТРКнын музыка телеканалында иштеп жаткандыгыма байланыштуу бул кол өнөрчүлүк экинчи планга жылып калды. Себеби, үйдө эки балам бар. Аялзатына тиешелүү үй жумуштары ж.б. иштер менен алек болуп, каралбай калды. Буга чейин бул аксессуарларды кош бойлуу кезимде жасагам. Киреше булактарымдын бири болчу. Негизи иштеп жүргөн адам эч убакта бир орунда туралбайт экен. Үйдө отуруп калган учурда “эмне иш кылсам, эмнеден баштасам?” деп көпкө ойлонгом. Анан интернет аркылуу кол өнөрчүлүк боюнча сабактарды көрүп, кызыгып жасай баштагам. Ал кезде кош бойлуу болуп үйдө отуруп, убакыт кенен эле да.

-- Тележүз болуп эфирге чыкканыңа көп эле болду, телевидение сен үчүн кандай мектеп боло алды?

-- Ооба, билинип-билинбей, көзгө илинип-илинбей теле жаатында иштеп жүргөнүмө быйыл буюрса 10 жылдын жүзү болот экен. Алгач чыгармачылыгымды НБТ  телеканалынын “Лидер kg” программасынан баштагам. Эң биринчи мектебим НБТ телеканалы десем адашпайм. Андан соң “Манас жаңырыгы” телеканалында иштегем. “Генерал болууну самабаган солдат солдат эмес” дегендей, баардык телеканалдардын атасы болгон КТРКда иштөө көкүрөктөгү көксөөм, кыялым эле. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, бул кыялдарым дагы орундалып, 2014-жылдан баштап коомдук каналда эмгектенүүдөмүн. Телевидение мен үчүн чоң мектеп боло алды. Эл алдында сүйлөөнү, өзүңдү алып жүрүүнү, сабырдуулук, чыдамкайлык жана өжөрлүктү үйрөттү. Ошондой эле ак-караны айырмалап, ар дайым жөнөкөй болууну үйрөндүм.

-- Келишимдүү келбетиңе кандай кам көрөсүң, сулуулук сырлары менен бөлүшсөң?

-- Адамдын сулуулугу – бул анын жандүйнөсүндө деген ойдомун. Адамдын жандүйнөсү канчалык сулуу болсо, ал сырткы келбетине чыгып, адам нурдуу жана жылдыздуу көрүнөт. Андыктан жандүйнөмдү жалаң жакшы нерселерди угуу, көрүү менен азыктандырып, айлана-чөйрөгө дагы позитив тартуулоого ынтызармын. Келбетиме болсо анчалык деле кам көрбөйм. Жумасына бир жолу атайын бетке коюлуучу маскаларды жасап, кир самын менен эле бетимди жууп коём. Эфирге чыгар алдында тажрыйбалуу кесипкөй адамдардын кызматын колдоном. Менимче, организм эс алууга муктаж. Мисалы, мээни сергитип тургандай эле бетке дагы сергектик керек.

-- Алдыда кандай максат, пландар бар?

-- Чындыгында максат, пландар абдан көп. Негизи эле баардык нерсени кенен тилениш керек экен. Анын сыңарындай, быйылкы жылга пландарды аябай кенен  койдук. Эң алгачкы пландарымдын бири руханий жактан өзүмдү-өзүм өстүрүү, көөдөндү толтуруу, көптөгөн долбоорлордун үстүндө иштөө жана чыгармачылыгымды өнүктүрүү. Ошондой эле иш менен жеке жашоону бир калыпта алып кетүү.

Назима Жумаева

Булак: "Азия Ньюс"

Последние новости