www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Генерал Шейшенбек Байзаков менен күчүнө кирген кодекстерде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына чоң укук берилгени жана ИИМдеги реформа боюнча баарлаштык.

-Шейшенбек мырза, жаңы жылдан кийин күчүнө кирген жаңы кодексте   Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына чоң укук, артыкчылык берилип жатыптыр. Мурда соттолуучунун кайсыл түрмөгө кесилерин соттор чечсе, азыр Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы аныктайт  экен. Бул нерсе   тартипти орнотууга шарт түзөбү же    коррупцияны күчөтөбү?

-Чынын айтсам, соттолуучунун кайсыл жакта камалаарын,  кылган кылмышына жараша мөөнөтүн кайда өтөөрүн  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы  аныктайт деген укук берилгени   туура болгон. Айтайын дегеним,  эркиндиги чектелип, камакка алынган  адамдар менен соттор эмес, так ушул кызмат иштешет.  Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы эркиндиги чектелген адамдардын кылган кылмышын жана канчанчы жолу камалып жатканын толугу менен эске алат. Ошого жараша мөөнөтүн өтөй турган зонаны аныктайт.  Сотторду жаман дегенден алысмын. Бирок, алар кээде катачылыкка жол берип,  кокустан кылмыш кылып алган интеллигент адамды деле  күчөтүлгөн тартипте мөөнөтүн өтөсүн  деген чечим чыгара беришет. Көп жолу кылмыш кылган жана коркунучтуу кылмышкерлердин арасында камалганы туура болоор, болбосун анчейин элес ала беришпейт. Кыскасы, жаңы кодексте берилген укуктар Жазаларды аткаруу кызматынын ишин илгерилетет. Зоналарда стабилдүүлүктү, адилеттикти  орнотот.  Башкача айтканда, зоналардагы  айрым  чектен чыккандарды  тартипке чакырчу жерге өздөрү эле которо бере турган укукка ээ болушат. Ал эми ошол артыкчылыктар  коррупцияны гүлдөтүп жибербейби деген сурооңорго коррупцияны күчөтпөйт деп жооп берер элем.

-Айтканыңызга ынаналы, бирок биринчи жолу капыстан, кокустан кылмыш кылып, камакка түшкөндөрдү өзгөчө кылмышкерлерден бөлүп кармай турган жайлар жетиштүүбү?

-Тилекке каршы, андай жайлар жетишсиз. Ошон үчүн мына ушундай кылмыш кылгандарды камай турган жалпы колония  ачышыбыз керек. Болбосо жогоруда айткандай авария же кокусунан кылмыш кылгандар күчөтүлгөн режимде камалгандар менен чогуу отуруп калып жатышат. Өкмөт жалпы колония деп өзүнчө жай ачуу  сунушумду эске алса, жакшы болот эле.

-Жол кайгуул кызматын жойсо же ачып, милициялардын формаларын алмаштырып койсо эле ички иштер министрлигинде реформа жүрүп аткан болобу?

-Чынын айтсам, ИИМге барганда  ыйлагым келет. Реформа деп отуруп, системанын талкалашты.  Чыныгы адистерди эмес ботаниктерден бери милиция кыла берип, милициянын кадырын жоготуп, аталган кызматтын таш-талканын чыгарышты.  Азыр ИИМде укук деген жок. Милдет эле бар.  Ал аз келгенсип, чиндерди да оңду –солду тапшырып,  чиндин да кадырын кетиришти. Азыр ИИМге барып таш ыргытсаң сөзсүз бир полковниктин башына тийет.  Полковникти оюнчук кылып алышты. ИИМде лейтенант  жок. Баары эле полковник.  Мен милицияга кызматка киргенде мен иштеген  УВДда бар болгону  үч эле полковник бар болчу. ИИМде бар болгону бир генерал 5 полковник бар эле. Азыр полковниктер чачтан көп.  Бул маселенин бир жагы. Экинчи жагы реформа деп отуруп, кылмыш иликтөө кызматын жоюп,  аймактык тескөөчүдөн бери криминалдык милиция кызматы деп атап салышты. Бул туура эмес. Ар бир тармактын өзүнчө аткара турган иши, көтөрө турган жүгү болот. Антип жалпылап салганыбыздын  өзү чоң катачылык.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: "Фабула"

Последние новости