www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Жогорку Кеңеш өз ресурсун түгөтүп, элдин ишеничинен чыктыбы?

- Сөздүн ток этээр жерин айтсак. Сиздердин берген ушул сурооңор эле, биздин Жогорку Кеңештеги азыркы ахыбал, кандай экендигин билгизип тургандай! Эми, мен өз оюмду кайпалактабай, “түндүктөн түшүп келип” эле ачык айтсам. Буга чейин, Жогорку Кеңеште азыркы чакырылыштагыдай, депутаттык курам болгон эмес! Бул ачуу чындык. Ооба, депутаттардын арасында иш билги, эл үчүн чындап, күйүп-бышкан азаматтарыбыз менен бирге, жалпыбыз, жаагыбызды жанып айтып жүргөндөй, “капчыктуу, олигарх”, “өз бизнестерин калкалаган”,- эл өкүлдөрүнүн бардыгы да чын!

Ооба, кайдигерлик менен туура эмес мыйзамдарды кабыл алышып, элдин башын айландырышканы да чын! Ооба, соткаларынын “чукулейшин” болушуп, жаш балдарча ойноп отурушкандыктары дагы чын! “Ар бир куурай менсинет, көк тереке теңсинет”,-болушуп, менменсинген депутаттардын бардыгы да чын! Ооз ачпаган “балыктардын” бардыга да чын! Калк айтса,- калп айтпайт,- дегендей баары, чын, чын, чын! Бирок, ошол, биз “жерден алып көргө, көрдөн алып жерге чаап жаткан”,- Эл өкүлдөрүнө, парасаттуу депутаттык мандатты ким алып берди эле? Бири-бирибиз менен кырылышып жүрүп, биз эле алып бербедик беле. Же жалганбы? Мына, таяктын экинчи учу, түз эле өз башыбызга “шак” этип урулганын сезели! Калп эле “керкиден” күнөөнү издээрден мурун, өзүбүздүн “кемтигибизди” дагы карап көргөнүбүз оң го! Азыркы биз сындап жаткан депутаттарды, баарыбыз “ушулар кыйратат”,- деп “апендинин кызындай” мактап-жактап, чуркап жүрүп мандатты алып бербедик беле. Эгемендүүлүк алгандан бери, өткөн ЖК шайлоодо, добуш сатып алуу мурда болуп көрбөгөндөй, деңгээлге жеткендигин кантип танабыз! Бир сөз менен айтканда барыбыз “сатылдык”, баарыбызды “сатып” алышты.

Жыйынтыгында “саксагай кызга,-апсагай күйөө”, болду да калды. Ал эми кимиси “кыз”, кимиси “күйөөсү” экендигин эми мааниси деле жотур! Кандай айтсак дагы бизде, алдыга айрыкча моралдык-этикалык жактан прогресс болбой эле артка, “регресс” болуп бара жаткандыгыбыз мени абдан өкүндүрөт! Бул экономикалык регресстен да өтө коркунучтуу! Биз, акыркы жылдарда, башкача айтканда тетири жагынан “өнүгүүгө” жете алдык. Мына 2005-жылдагы окуяларда “ак кепкачандар” дегенди, ал эми 2010-жылы болсо үрөйдү учурган, мурун угуп, көрбөгөн “черныйлардын” кучагында калдык. Ал эми акыркы Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо “золотойлор” деген чыкты. Бүттү ушул “золотойлор” бизди толук талкалады. Алтын деген алтын экен да, намыс арыбызды, принциптерибиздин барын жыйыштырып, өзүбүз, эч кимдин зордоосу жок эле, ушул “золотойлордун” колуна тапшырып бердик. Анан кайдагы, кимден жакшы мыйзамдарды күтөбүз? Эми, андан дагы “саясатта дос болбойт, кызыкчылыктар кана болот”,- деген ураанды көтөрүп чыгып алышыптыр!

Бүттү, ушуну менен Кудай берди, ушул ураанга жамынып алып аттуу-баштуу, биз үмүт кылган жигиттерибиз, берген убадаларын, айткан сүздөрүн унутуп, жигиттик ар-намысты жыйыштырып салышып, уялып да койбой, бирини артына бири суу куюп, коюп күлүп-жайнап, басып жүрүшөт. Бул эмне дегендик? Бул биздин коомубуздагы, биздин элитабыз деген катмарыбыздын толук, деградация болуп бараткандыгы! Аны менен жалпыбыз кайдыгерликтин сазына батып эл дагы, “мага да баары бир”,- деген ойдун кучагына бара жаткан кези. Эми дагы качанка чейин, Майрам Акаеванын “үмүттүн шооласы өчпөйт!”,- деген сөзүн эстеп, улутунуп коюуп жүрө беребиз! Ошондуктан Эл ойлонушу, ойгонушу керек! ...Эми бир жылдан кийин кайра шайлоо...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости