www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулунан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу ал кечээ, 19-июнда социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Ушул дем алыш күнү дене табым жогору болгондугуна байланыштуу үйдө олтуруп иштеп жаткам. Эртең жумушка чыгар алдында алдын ала текшерүүдөн өтсөм, бир аз мурда эле дарыгерлер менин анализимен COVID-19 аныкталганын кабарлашты. Буга байланыштуу дагы 14 күн үйдөн чыкпай иштемей болдум. Мени менен жакын байланышта болгон Парламенттин басма сөз кызматындагы башка кесиптештерим да дистанциялык иш тартибине өтүүдө. Буга байланыштуу эртеңки иш-чараларыбыз түз эфирде чагылдырылбайт. Кесиптештеримдин бардыгынын анализи таза чыкса, келерки аптадагы жыйындарды толук чагылдырабыз деген үмүттөбүз. Биз менен чогуу аппараттын жана иш башкармалыктын бир катар кызматкерлери, айрым депутаттар да бүгүн кечке маал тест тапшырышты. Жыйынтыктары бир-эки күндө белгилүү болот", - деп жазды Нуракун уулу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости