www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин бүгүнкү маектешибиз башкалардай болуп, карьера жасап, анан турмуш жолуна аттанбай, алгач турмуш куруп, бала чакалуу болуп, үй жай күтүп, анан чыгармачылыкка баш оту менен аралаша баштаган үч уул бир кыздын ата энеси, ырчы түгөйлөр Суран Садыбакасов менен  Айжанат Асылбекова болмокчу.

-Суран, кепти  кантип таанышып калганыңардан баштасак...

-Бизди чыгармачылык тааныштырды. Экөөбүз тең Мураталы Күрөңкеевде окудук. Жылдызыбыз келишип калып, сүйүшүп, күйүшүп жүрүп жаш эле турмуш куруп алдык. 

-Ырчы түгөйлөрдү сахна, эл кандай кабыл алды?

-Кудайга шүгүр, жакшы эле кабыл алды. Сахна ажарыбызды ого бетер ачып жатат. Ырдаган сайын ырдагыбыз келип, улам жаңы анан жакшы ыр жаздыралы деп изденип жатабыз.

Мурун жалгыз эле ырдап жүрчүмүн. Жалгыз ырдаганча жубайым менен ырдагандын артыкчылыгы бар экен. Мага да, башкаларга да жагымдуу болорун байкап жатам.

-Айжанат, үч уур, бир кыздын ата-энеси болупсуңар. Балдарыңардын  улуусу анан кичүүсү канчада?

-Улуусу 9 жаштан ашып, 10го карап калды. Күчүбүз  кыз. Ал эки жашта.

 -Сиздер той-топурга чыкканда, концертке катышканда балдарыңарды ким карап калат?

-Азыр балдарыбызды экөөбүздүн ата-энебиз бөлүп алып карашып жатат. Ата-энелерибиз бизди чыгармачылыктын түйшүгү менен гана алек болсун. Балдар чыгармачылыгыбызга  тоскоолдук болбосун  деген таризде экиге бөлүп   карашып, мүмкүн болушунча жардамдашып жатышат.

-Суран, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүштүн да түйшүгү бар. Силерге бул жагынан  ким кол-кабыш кылып жатат?

-Биринчиден, ата-энелерибиз моралдык да, материалдык жактан да колдоо көрсөтүп  колдорунан келген жардамын берип жатышат. Ата-энебиздин колдоосу менен чыгармачылыкка  баш отубуз менен кириштик. Экинчиден, сахнага кийип чыккан кийимдерибизге чейин карап, ыр тандоодо да кеп кеңешин берип, чыгармачылыктын түйшүктүү анан татаал жолунда туура багыт берген Анара Шаимкулова эжебиздин да эмгеги зор.   

-Алдыда  кандай пландарыңар бар?

- Алдыда чоң мактасаттарыбыз, чоң пландарыбыз бар. Бизге чыгармачылыктан колдоо көрсөтүп жаткандар да, тажрыйбасы молдор чыгарачылыктын түйшүгү оор болоорун,  бул жол татаал экенин айтышты. Ошондой эле бири-бириңерди дыкат түшүнө билишибиз керектигин баса белгилешти. Биз дуеттерди жаздырып жатабыз. Буюрса, биз аткарган дуеттер күйөрман, көрөрмандарды кайдыгер калтырбайт деп ойлойбуз.

-Айжанат, алгачкы дуетиңер кайсыл ыр болду?

-Арзыбек Бедияровдун “Акмаралым” деген ыры болду. Айжанат эң биринчи Бактыгүл Чотурованын сөзүнө  жазылган наристем деген ырга клип тарттырды. Энелерге арнаган да жакшы ырларыбыз бар.  Буюрса жакшы ырлардан  аткарып, жаздырып, көрүүчүлөрдүн сынына коёлу  деп жатабыз.

Аэлита Сатындиева

Булак: “Ачык саясат”

Последние новости