www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Базарбай мырза, “Жерүй” алтын кени неге мамлекетке пайда түшпөй турган шартта берилип  калган?

- “Жерүй” алтын кенинен чын эле  бюджетке мамлекетке эч кандай  пайда түшпөйт. Анткени,  2015-жылы биздин билермандар тендер уюштуруп, тендерден утуп алган компаниядан 100 миллион доллар алышкан. Тендерден утуп,  ал кенди иштетүүгө юридикалык жактан ээ болгон  компания менен эмнегедир кенди иштетүүнүн шарттарын аныктаган башкы макулдашуу келишимин түзүшкөн   эмес.  Ошон үчүн  биздин бийлик аталган кенден казылып алына турган 100 тоннага жакын алтындын  эч нерсесине ээ болбой турган болуп калган. Адис катары тендерди өткөргөнү, ал турсун тендерден жеңип чыккан компаниядан  100 миллион доллар алганы  туура дейт элем. Себеби, ал каражатты лицензия берип кен иштетүүгө уруксат катары  алдык да. Эми Кыргызстан өндүрүлгөн алтындын 50 пайызына ээ болот деген башкы макулдашкан келишимди түзбөй, маселени коррупциялык жол менен чечишкени  үчүн биздин бийлик элдин алдында жооп бериши керек. Анткени, булар ошол башкы макулдашууну түзбөй мамлекетке чыккынчылык кылышты. Эгер ошондой макулдашуу түзүп, кен иштетүүнүн шарттарын аныкташканда “Жер үй” иштесин деп элге чыгып айтмакмын. Мындай шарттын бири орун албаганы үчүн Кыргызстанды тоноону максат кылгандар алтын кассын деп айталбайм.

-Кыргызстан эч нерсеге ээ болбой кала турган шартта берилген  кендер “Жерүй” элеби же башка да кендер  барбы?

-Өкүнүчтүүсү, “Жерүйдөн” башка да кендер ошондой шарт менен берилип кеткен. Маселен, Кеминдеги, Чаткал менен Ала -Букадагы Иштамберди, Терек-Сай, Бозумчак,  Таластагы Андаш кенин иштеткен чет элдик  компаниялар, биздин өкмөт менен генералдык келишим түзбөй эле алтынды  казып эле алып кетип жатышат. Ал аз келгенсип, Ала-Бука менен Чаткалда 10дон ашык чет элдик компаниялар алтын казып жатат. Көрсө, кытайдын летописинде Чаткалдын алтындары тууралуу жазуулар бар экен. Өкүнүчтүүсү, мен мисалга алып санаган кендерди Кыргызстанды тоноп кетебиз деген шылуун компаниялар иштетип жатат. Алар бюджетке тырмактай да салым кошушпайт. Барынан кызыгы,   мамлекеттик геология агенттиги жылдык отчётунда 39 алтын кенди иштетүүгө  шылуун компаниялар лицензия алышканы маалым болду. Лицензия сатып алган компаниялардын бири да  кен казуу колунан келбеген компаниялар. Алар жөн эле  лицензияны алып коюшуп, бир-эки жыл кармап туруп башкаларга сатып баюуну көздөп жатышат.

-Мамлекет пайда көрбөгөн кендерди иштетүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Мамлекетке пайда түшпөгөн кендерди иштеткен компаниялардын лицензияларын чакыртып алуунун жолу жокпу?

-Жолу бар. Бирок ал үчүн өкмөт чечкиндүү болушу керек. Айтайын дегеним, биздин өкмөт мамлекеттик геология агенттиги кендердин баарын талдап, келишим түзгөндөн баш тарткандарын  дароо лицензиясын алып, колунан иш келген компания келгенче бербейбиз деп эле койсо болот эле. Бирок, лицензия алган компаниялардын баары  биздин өкмөт менен жогору жактагылардын тилин таап,  көңүлүн алып коюшкан. Ошон үчүн андай кадамга баралбай кетенчиктей беришет. Анткени, коррупциялык жол менен ошондой шартка макул болуп коюшкан.  Эгер башкы макулдашууну түзүп алып колунан иш келген компанияга кендерди берсек өкмөт да, бюджет да байыйт эле. Тилекке каршы, бизде баары теңирден тескери болуп жатат.

-“Жерүй” иштебесин деген таластыктардын тилин кантип табышты? Алар көп учурда каршы болуп, кенди иштетпей коюшчу эле го?

-Таластыктар унчукпай отурсун деп Бекмолдо айыл өкмөтүнө 170 миллион сом, Талас облусунун фондусуна 170 млн сом,  Талас районуна да 170 миллион сом беришкен. Баары биригип,  7 жарым миллион  доллар  болот экен. Муса Бажаевдин компаниясы 7 жарым миллион доллар менен таластыктарды колго алып койгон. Таластыктар болсо бизди байытты деп унчукпай калышты.

-Базарбай мырза, Муса Бажаев Бабановдун чогу иш кылган адамыбы же Атамбаевдин досубу?

-Бабанов менен Муса Бажаев Кыргызстанда “Алянс” деген компания түзүшкөн. Ал компания менен Кыргызстанда көп туура эмес иштерди кылышкан. 15 жыл мурда "Кайыңды-Кант" деген заводду сатып алышып жарактан чыгарышкан. Ал завод "Алянстан" кийин 4-5 компаниянын колуна өткөнү менен кредит алып,  каражат салса да күргүштөп иштеген баштагы калыбына келтире алышкан жок. Жерүйдү алгандан кийин Бабанов менен Бажаевдин компаниясы “Алтын Алянс” деп атын өзгөрткөн. Муса Бажевдин Бабанов сыяктуу Атамбаев менен да мамилеси жакшы. Экөөнүн ортосунда достук мамиле бар. Ал 2016-жылы Атамбаевдин 60-жылдыгына келген.

Чынайым Кутманалиева

Булак: "Фабула"

Последние новости