www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4 жылдан ашык  жалган жалаанын азабын тартып жүргөн Каныбек Осмоналиев менен баарлашып, айрым суроолорго жооп алдык.

- Каныбек агай, Жогорку сот да сизди 100 пайыз актады. Сизди не максат менен ушунча жыл жок жерден кылмыш ишин токуп, азапка салышты?

- Мага жалган жалаа жабышканына, 4 жыл болду.  Анын козутуучулары азырынча чардап жүрүшөт. 1- май райондук соту, Бишкек аппеляциялык соту мени толук акташкан болчу. 19- февралда Жогорку сот тигилерди колдоп толук бекитип берген чечим чыгарды.  Мен ыраазымын. Чындык мен тарапта экендигин түшүнүштү. Кызматтык карьерамы мокотуп, ден-соолугун бузабыз, анан билим менен илим жаатын каалагандай майкандайбыз дешкен. Кудай бар экен туруштук бере алдым! Адилеттик заман келе баштагандай! Дооматтарды, билим берүүдөгү жексур коррупционерлерге эми катуу айтам деп турам.

Сиз ак барактай акталгандан кийин соттор камактагылардын баарына адилеттүү мамиле кылат деп ишеним артсак болобу?

- Мен ошондой ишеним артып турам. Үмүт дегендин табияты ушундай болот турбайбы! Жалган жалаа менен жабыр тартып олтургандар Кыргызстан боюнча өтө эле көп! Алардын убалдары кимге тийиши керек? Албетте, өзүнүн инсандык абийирин биротоло жеп койгон кээ бир сот-прокурор-тергөөчүлөргө да! Президентти бул маселе боюнча эл колдоп турат, азырынча. Бирок, чечкиндүүлүк жетишпей калып жатат. Айрым маселелер артка кеткендей сезиле баштады. Бул коркунучтуу синдром! Камакта адилетсиз кармалып жаткандарга тез аранын ичинде туура чечимдер чыгып, алардын бошотулууларын каалап эле тим болбостон, чечкиндүү түрдө бийликтен талап дагы кылып алуубуз керек! Мурдагы бийлик өлкөбүздү ушундай аянычтуу абалга кириптер кылып кетиптир! Кандай гана өкүнүчтүү!

- Каныбек агай, эми баштагы убадаңызга туруп, китеп басууга келген эсепсиз каражаттар тууралуу элдин оозун ачырган фактыларды жарыялайсызбы?

- Өмүр бою билим берүү жана илим тармагында эмгектенип, анын ысык-суугун тартып келген адаммын. Тилекке каршы, бул тармакты эгемендүүлүк алгандан бери эле эптей албай келе жатабыз. Мугалим менен окуучунун абалы мурда болуп көрбөгөндөй төмөн жана аянычтуу болуп кетти. Мурдагы бийликтегилердин бардыгы билим берүү системасына кыпындай да көңүл бурушпай, ага кайдыгер гана мамиле кылышты. Анча-мынча күйүп-жанган адамдарды, куугунтукташты, соттошту ж.б. булганыч жолдор менен кыйнашты. Билим жана илим системасын коррупциянын гүлдөгөн "мекенине" айлантышты! Мен бул адепсиздиктерди дайыма эле ачык айтып келе жатам! Ошондуктан, мага кылмыш ишин ойлоп табышкан. Азыр материалдар толук жетиштүү. Күрөш уланат! Бирок, менин кимдир - бирөөдөн өч алайын деген оюм деле жок. Андай жашоо менде болгон эмес жана болбойт дагы. Ал ууру, паракор жана билимсиз адамдардын "өнөрү". Болгону акыркы 10 жылдагы билим берүү тармагын "майкандап, кудайдын эрке-талтаңы" болуп алган чиновниктерге каршы күрөш - аракеттерим бар! Айрыкча, бюджеттик, грант-кредиттик каржыларды максатсыз жок кылышкандар жөнүндө! Илим долбоорлорун өзүнүн менчигиндей көрүп, каалагандай каржы бөлүштүрүп кутургандар боюнча фактыларды жалпылап, миң жолу тактап, анан ачык алып чыкмакчыбыз!

- ТЭЦдеги коррупцияга шектелгендердин баары жоопко тартылабы же ал жердеги коррупция менен күрөш  иргелип жүрө баштадыбы?

- ТЭЦ боюнча абдан опурталдуу жагдай түзүлүп турат! Президенттен күчтүү эрк талап кылынат! Анткени, кечээги эле ЖКнын атайын отурумунан кийин күнөөнү бири-бирине оодаруу аракеттери оорун алып, айыгышкан күрөштөр башталды. Көп кыйындардын "башы кетет". Бүгүндөн старт алган сот териштирүүлөрү көбүнүн жүзүн ачат. Ошондуктан сот отурумун жабык эшик түрүндө баштап жиберишпедиби? Бул кадамдары элдин кыжырын ого бетер күчөтүп, кызыгууларын арттыра баштады! Бул сапар бир нерсени жашырууга мүмкүн болбой калды го? Президент менен анын жакын адамдары бирөөгө жан тартса эле чоң жаңжал чыгып кете турган кырдаал түзүлдү! Бул жакшы эле көрүнүш. Анык коррупционерлер эми оңбой калышты го!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости