www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айбек Бузурманкулов СИЗО-1ден чукул Кайрылуу жасады

Бүгүн, 24-ноябрда Башаламдык уюштурууга шектелип, 2 айга камалган Айбек Бузурманкулов СИЗО-1ден кат жазды. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Бузурманкуловдун жубайы билдирди.

Бузурманкулов өзүнүн катында эртең, 25-ноябрда өтчү Элдик Курултайдын делегаттарына кайрылган.

Төмөндө Айбек Бузурманкуловдун кайрылуусунун текстти толугу менен берилди: 

Конституциябызда "бийликтин да, байлыктын да ээси - эл" деп жазылып турат. Тилекке каршы иш жүзүндө көз карандысыз мамлекет болгондон бери бийликти президенттер узурпациялап, байлыктарыбызды болсо чет мамлекеттик компаниялар тоноп келет. Толук кандуу бийлик элде болуш үчүн Элдик курултайда ар жылдык иши боюнча отчет берип, "канааттандырарлык, же "канааттандырарлык эмес" деген бааны алыш керек. Эгерде ишине "канааттандырарлык эмес" деген баа алса, кызматын таштап кетиши керек.

Тилекке каршы, азыркы Конституцияда Элдик курултайга мындай мүмкүнчүлүк берилген эмес. Ошол себептен улам президенттер бийликти каалагандай пайдаланып, бирөө кылган иштери үчүн эч кимге жооп бербей келет.

Ал эми миллиарддаган долларга бааланган Таластагы Жер-Үй, Чаткалдагы, Ала-Букадагы жана башка кен-байлыктарыбызда кыргыз мамлекетинин үлүшү жок. Ушинтип, көз карандысыздык алгандан бери өз алтын кен-байлыктарыбызга өзүбүз ээ болбой келебиз.  Ал эми ошол "Элдин бийлиги - элге, элдин байлыгы- элге деген адамдар бийлик тарабынан куугунтукталып, караланып келет.

Элдин байлыгы элге буйруш керек. Ал үчүн чет мамлекеттик компанияларга берилип кеткен бардык кен-байлыктарыбызды, инвистициялар үлүшү жок, мыйзамсыз берилип кеткендерин мамлекетке кайтарышыбыз керек. Өзүбүздүн колубузда бар байлыктарбызды чет мамлекеттик компанияларга тонотуп коюп, кайра чет мамлекеттерден кайыр сурап карыз алганыбызды, кыргыз элинин намысын тебелөө деп түшүнөм. 

Урматтуу Элдик курултайдын делегаттары!

Сиздерден Элдик курултайдын күн тартибине: 

1.Чек ара

2.Кен-байлыктар

3.Саясий куугунтуктар

4.Сөз эркиндиги

Маселелерин киргизип, алардын кенен талкууланып, бийликке курч сураоолорду берип, калыс баа берүүңүздөрдү суранам.

Айбек Бусурманкулов. СИЗО-1.

Эске салсак, 23-октябрда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери массалык баш аламандыкка даярдык көрүү фактысы боюнча 20га жакын активист, блогер жана саясатчыларды райондук ички иштер бөлүмдөрүнө, РИИБге жана ИИМдин борбордук аппаратына жеткиришкен.

Кармалган активисттер соттун чечими менен эки айга СИЗОго киргизилди.

Камакка алынгандар:

Акылбек Айтбаев.
Айданбек Акматов.
Нурлан Асанбаев.
Бектур Асанов.
Атай Бейшенбек.
Азимбек Бекназаров.
Эрлан Бекчороев.
Айбек Бусурманкулов.
Гүлнара Журабаева.
Кеңешбек Дүйшөбаев.
Равшан Жээнбеков.
Канат Исаев.
Кубанычбек Кадыров.
Рита Карасартова.
Чыңгыз Капаров.
Таалайбек Мадеминов.
Улукбек Маматаев.
Жеңиш Молдокматов.
Асия Сасыкбаева.
Клара Сооронкулова.
Перизат Суранова.
Али Шабдан.
Марат Баязов.

Мамбетжунус Абылов.

Талант Эшалиевге карата сот сырттан баш коргоо чарасын – үй камагын тандады.

Ал эми экс-депутат Орозайым Нарматова менен жарандык активист Илгиз Шаменов Орусияда кармалды.

Кемпир-Абад суу сактагычы (Өзбекстанда Анжиян деп аталат) Кыргызстандын Ош жана Жалал-Абад облустары менен Өзбекстандын Анжиян областынын кошулган жеринде жайгашкан. Ал 1983-жылы Кыргыз Республикасынын аймагында курулган.

1973-жылы Өзбекстан жердин компенсациясын берген – Кыргызстанга 4100 гектар жер берилген. Жазы, Куршаб, Кара-Дарыя суулары Кемпир-Абадга куят. Суу сактагыч Кыргызстанга тиешелүү. Анын аянты 4 миң 400 гектарды түзөт. Максималдуу толтуруу көлөмү 1,9 куб километрди түзөт. Кезинде Өзбекстанга ижарага берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости