www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мөңгүлөр, дарыялар, көлдөр, булактар биздин баа жеткис байлыгыбыз. Мындай пикирин депутат Чыңгыз Айдарбеков бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Кийинки урпактарыбызга көздүн карегиндей сактап, өткөрүп берүүгө милдеттүүбүз. Убакыт өтөт, эч кимибиз түбөлүккө келген эмеспиз. Кандай из калтырабыз өзүбүздөн көз каранды.
Мен бир суроо бергим келет. Бир нече жолу 1965-жылдагы келишим боюнча сөз болду. Ошол келишим күчүнө кирдиби?", - деп сурады депутат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев протокол күчүнө киргени үчүн Кемпир-Абад курулганын билдирди.
Депутат бул келишим күчүнө кирбегенин билдирди.
"Министрлер кабинетинин кол тамгасы менен бекитилген, бирок, президиум, (ошол кездеги Жогорку Кеңеш десем болот) кабыл алган эмес", - деп билдирди депутат.
Булак: NazarNews.kg