www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канышай Мамыркулова Камчыбек Ташиевге жооп берди

Ден соолугу менен алышкан адам бийликти басып ала албайт. Бийлик эмес, башымдын ооруганын баса албай жатам. Мындай пикирин журналист Канышай Мамыркулова билдирди.

«Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич, кечээ кечке, мурдагы күнү, аркы күнү деле пост жаздым. Бүгүн, эртең деле жазам. Гырт бекерчи “ит бекер” пост жаза бериши мүмкүн. Орто-Токой, Чечме-Булак ж.б. тууралуу 24 kg агенттиги жазып жатат. Асмандан, жерден алганым жок. “Суу пайдалануу” деген түшүнүккө таянып, мамлекеттик кызыкчылыкка доо кетип жатса, карап отуралыбы? “Жоопко тартса капа болушат” деген туура эмес. Конституцияга ылайык, ар бир жаран өз пикирин эркин билдирүүгө укуктуу. Демек, мыйзам бузган жерим жок. Бул тууралуу талаш болушу дагы мүмкүн эмес. Ал эми “максатка жетиш үчүн” деген пикириңизге так жооп, ден соолугу менен алышкан адам бийликти басып ала албайт. Бийлик эмес, башымдын ооруганын баса албай жатам. Кемпир-Абад боюнча так позиция үчүн куугунтук аша чапкандык болуп калат. “Намёгуңузду” артка чакырып алыңыз. “Тааныбайт” деп жүрсөм такай окуйт окшойсуз, ага чоң рахмат», - деди Мамыркулова.

Белгилей кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев кырдаалды дестабилдештирип жаткан коомдук ишмерлер бар экенин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Анын айтымында, журналист Канышай Мамыркулова кечээ кечке чейин баары Өзбекстанга өтүп кеткенин жазган. Атап айтканда, Чечме булагы, Орто-Токой суу сактагычы, Гавасай.

«Мен андан кырдаалды дестабилдештирбөөнү суранат элем. Урматтуу депутаттар, сиздин көз алдыңызда документтер бар, мыйзам бар. Эч нерсе которуу боюнча сөз жок. Биз өз максатына жетүү үчүн кырдаалды туруксуздаштырып жаткандарды жоопко тартканыбызда таарынасың. Орто-Токой суу сактагычы биздики – дамба, суу, жер. Мунун баары Кыргызстанда калды. Бизге компенсация катары берилген айылдар биздики болуп катталып калган», - деди Камчыбек Ташиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости