www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Адахан Мадумаров менен Ташиев айтыша кетти

Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Депутат Адахан Мадумаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев айтыша кетти.

Бүгүн эл өкүлдөрү кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди карап жатышат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышууда.

Депутат Адахан Мадумаров Кемпир-Абад маселесине байланыштуу Жогорку Кеңештин регламенти шашылыш түрдө кабыл алынганын, буга чейин мамлекет башчысы каршы пикир менен кайра иштеп чыгууга жибергенин белгиледи.

Ал ошондой эле келишимди кароо мыйзам бузуулар менен жүргүзүлүп жатканын жана өлкөнүн азыркы жетекчилиги «келечекте өкмөт алмашканда жооп бериши керектигин» баса белгиледи.

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев депутатка эмоционалдуу жооп кайтарып, жобонун кабыл алынышы менен чек ара маселесинин байланышы жок экенин айтты. — Башка бийлик келсе эмне деп жооп беребиз деп коркутпагыла. Мыйзам чегинде жоопкерчиликти алабыз», - деди ал.

Бул учурда Адахан Мадумаров спикерден сөз сүйлөөгө кошумча 10 мүнөт убакыт сурады.

«Колуңузду түшүрүңүз. Мен эмне деп айтаарымда билесиз. Суроо бергиле, жооп берүүгө даярбыз”, - деп сурады Камчыбек Ташиев.

Адахан Мадумаров спикерден министрлер кабинетинин мүчөлөрү эскертүү жасап, депутаттын ар-намысына шек келтиргенде жооп берүүнү суранды. «Мен спикер Нурлан Шакиевге колумду көтөрүп, фракцияга 10 мүнөт убакыт сурадым. Бирок кээ бирөөлөргө кол көрсөтүү арам. Менден коркпогула, менин коркутуу максатым жок, - деп жооп берди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости