www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн эл өкүлдөрү Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын айрым тилкелери жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишимди карап жатышат. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышууда.

Депутат Адахан Мадумаров сынга алган юстиция министрине Садыр Жапаров жан тартты. Президенттин айтымында, «сабатсыз» – бул Мадумаровдун эң сүймөнчөк сөзү.

«Бул министр сиздин сабатыңыздан эч кандай кем эмес, ал тургай ашып кетет. Үч тилде: кыргыз, орус, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. 30 жылда канча биз мындайды көтөрө албадык, Кумтөр маселеси боюнча ушул залда канча кыйкырып, мушташып жатышты. Ошол Кумтөрдү кайтарууда бул министрдин опол тоодой эмгеги бар. Бул адам укуктук маселелерге чоң салым кошкон. Түнкү саат үчтөрдө ойготуп, конституциялык нормаларды, мыйзамдарды сурасаңар болот, ал силерге жооп берет. Бир кезде сабаттуулар жерибизди берип койсо, азыр сабатсыздар кайра кайтарып алып келип жатабыз. Силер буга Камчыбек Ташиевдин докладынан да, менин сөздөрүмдөн да ынандыңар.

Андыктан, бул жерде бири-бирибизди күнөөлөгөндөн пайда жок. Акылдуулар эмне кылып жатканын көрүп жатабыз», - деди Садыр Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости