www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара маселесин талкуулаганда элди дагы, депутаттарды да кооптондурган маселе Кемпир-Абад суу сактагычы тууралуу болуп жатканын депутат Жанар Акаев айтты. Парламенттин 17-ноябрдагы жыйынында эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек ара боюнча макулдашуу каралып жатат.

Депутаттардын суроолоруна УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жооп берүүдө.

Ж.Акаев: - Элди эмне кооптондуруп жатат? Эртең, 5 жылдан кийинби, 10 жылдан кийинби бийликтер алмашса, жер астындагы суу дагы биздики деп туруп, Өзгөндүн айылдарынын четинен баштап, Ош—Бишкек жолуна жакын жерге чейин зым менен тосуп алышса, ал жерди чек арачылар куралы менен кайтарып турушса, конфликт болсо эмне болот деген кооптонуу бар. Бул — биринчиси.

Экинчиси — сууну такай пайдалана бергиле. Бирок жердин асты Кыргызстанда калсын деген дагы сунуш бар.

Үчүнчүсү — экинчи статьяда турат, биргелешкен комиссия деп. Бирок өзбек тарап биздин комиссия мүчөлөрүн паспорт аркылуу, өздүгүн тактоочу документ аркылуу киргизет деп турат. Ал дагы бир маселе.

Анан ынанбагандардын позициясында: Менин колумда биз алып жаткан Гавасай жана Кемпир-Абад (карталарды көрсөтүп) турат. Элдер салыштырып жатышат. «Тооташ болгон жерди эмне үчүн чалкып жаткан суубузга алмаштырышыбыз керек?» деген суроо бар.

Урматтуу президентибиз айтып өттү. Кийин кандайдыр бир маселе болсо, кайра алмашсак болот деп. Бирок 11-беренеде жазылып турат. «Бул макулдашуу денонсацияланууга тийиш эмес» деп. Демек бул келишим менен биз чекитти коюп жатабыз.

УКМКнын төрагасы К.Ташиев: - Сиз айтып жаткандын баары баягы эле популисттердин сөзү. Бул биринчиден. Экинчиден, сиз айтып жатасыз: «Эмне үчүн Гавасайга Кемпир-Абадды алмаштырып жатабыз?» деп. Гавасайга эч ким алмаштырган жок, урматтуу Жанарбек Кубанычбекович. Окубайсызбы документтерди. Ал жерде Гавасайды мурда курулбай калган, Кемпир-Абаддын сол жээгинен өткөн каналдын ордуна компенсация катары алып жатабыз. Бул биринчиден. Экинчиден, сизге Гавасай тоо-таш жаткан керек эмес жер деп ким айтты? Андай эмес.

Гавасай Кыргызстан үчүн эң сонун жер. Тоолуу, жайыттуу, ошол жердеги элдин жүрөгү болгон жер. Кереги жок эле тоо-таш экен деп айтканыңыз баягы эле популисттердин сөзү. Андай айтпаңыз. Кыргызстандын ар бир ташы мамлекет үчүн эң керектүү.

Андан тышкары, сиз айтып жатасыз. Эртең президент алмашып кетип, Мирзиёевдин ордуна башка келип, чек ара тосмолорун орнотуп алсачы деп. Анда мыйзамды эмне үчүн кабыл алып жатабыз? Сиз өкүлүсүз, буюрса добуш бересиз. Мыйзамды кабыл алабыз жана мыйзамды аткартышыбыз керек да.

Эгерде мыйзамыңарды аткарбайбыз деп кабыл ала турган болсо, анда эл аралык мамилелердин өзүнүн тартиби бар. Ошол үчүн мыйзамды кабыл алып, ушунун баарын жазып жатабыз. Куду ушундай мыйзамды өзбектер да өзүнүн парламентине өткөрүп жатат.

Үчүнчүдөн, денонсацияга жатпайт экен деп айтып жатасыз. Урматтуу Жанарбек Кубанычович, бир тараптуу денонсацияга жатпашы мүмкүн. Бирок сүйлөшүүлөрдүн негизинде кандай гана мыйзамдарды сүйлөшүп туруп, эки тараптуу кылып алмаштырса же өзгөртсө болот. Биздин президентибиз ушул жөнүндө айтып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости