www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көөдөнүн көтөргөн Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун толуп кеткен шиши жарылып жаткан убагы. Бажы киреше планын аткара албай койдук деп абдан уят болду. Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутат Кундузбек Сулайманов Мамлекеттик бажы кызматы киреше планын аткара албай калганынкайра кайталады. Бул кандай уят экенин Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси мурунтан эле билет, канчалык актанып, буга жүйөлүү себептер бар деп айтпагыла, буга чейин бул планды өздөштүрүп кете алабыз деген Самат Исабеков дерделеңдеп.

Орусиядан келген кайсы товарлар бажыдан өтүүгө тийиш. Орусия ЕАЭБге мүчө болгондуктан, бул өлкөнүн товарлары бажылык жол-жоболордон өтпөйт экен. Орусия аркылуу үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарлар өтүшү мүмкүн.

2022-жылга Мамлекеттик бажы кызматы боюнча салыктык түшүүлөрдүн планы бекитилген бюджетке ылайык 98,5 млрд. Январь-сентябрь айларында Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча 52,9 миллиард сом, январь-октябрь айларында 59,1 миллиард сом өндүрүлгөн.

2022-жылга республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 282 миллиард сом деңгээлинде бекитилген. Мамлекеттик бажы кызматынын 24,5 миллиард сомдун жетишсиздиги республикалык бюджеттин жалпы кирешесинин 8,7% түзөт. Эми Мамлекеттик бажы кызматы 75 миллиард сом чогултууну пландап жатат.

Буга кененирээк кайрылалы. Планды аткарбай калганы үчүн Украина менен Орусиянын ортосундагы мамиле күнөөлүү сыяктуу. Андан тышкары Шинжаң-уйгур автономиялык округунда 45 күнгө карантинге жапканы турат. Албетте алар чек араны жапкан соң  товарлар келбей калышы мүмкүн. Бирок ал эми жабат буга чейин 9 ай боюу бажычылар «Эшек  такалап» жүрүштү беле, болбосо план боюнча 98,5 миллиард сом акча чогулта албай, дээрлик теңме  -теңин араң чогулта алышты.

Ата-Журтчу депутат Алишер Козуев парламенттик жыйында айткандай Бажычылар  башкалар күндүр-түндүр иштеп жатканда мемиреп уктап жатышат. Алардын план менен иштери жок, өз капчыгын ойлошуп планды уруп ойнобой чанжырап жатышат.

Ушуларды угуп отурган «ГТСтин» көзгө басаары Самат Исабеков чоочуп кетип депутатка сөз кайырды. Көрсө алар уктабай эле турушат экен. Бардык көзөмөлдөөчү пунктар күнү-түнү тынбай иштеп турушат экен. Анда эмнеге план толбойт? Коррупция менен бекем кучакташып жүргөн Бажы кызматында Самат Исабеков кайрадан Бажынын башына келгени менен эч өзгөрүү болгон жок. Бул жерден мурунку жетекчиси Акылбек Жапаровдун «любимчиги» Адилет Кубанычбеков коррупция менен кармалса деле иш оңолуп кеткен жок.

Чындыкка тике карасак, Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматы жыйноо планын жыл аягына чейин аткара албайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Агрардык саясат боюнча комитетинин жыйынында аталган мекеменин башчысы Самат Исабеков билдирди. Анын айтымында, тогуз айда 57 миллиард сом чогултулган. «План боюнча 98,5 млрд сом чогултушубуз керек. Бирок биз кыла албайбыз», - деди Исабеков.

Каржы министринин орун басары Жибек Дүйшеева бажыдан түшпөй калган каражаттар салыктык эмес кирешелердин эсебинен жабыларын кошумчалады. «Бюджеттин тартыштыгы 9 млрд сомду түзөт. Жылдын аягында көбөйүшү мүмкүн деген коркунуч бар. Салыктык эмес төлөмдөрдү алуу жана баалуу кагаздарды чыгаруу менен жаап салабыз», - деди ал. Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов план аткарылып, 111,7 млрд сом чогултулганын билдирди.

Деги Бажыда коррупция жоголобу? Бажыда коррупция күрөшүүнүн, контролдук –пропускттук пункттарда  катуу автоматташтырылган системага  өтүш керек. Ооба, мындай чаралар Бажы кызматынын Кыргызстандын чек арасында орнотулган, бирок алар мамлекет үчүн иштебей ар кимдин капчыгы үчүн иштеп жатканына жол болсун.  Мисалы Кытай менен чектешкен «Торугарт» өтмө пунктунда кандай? 60 миң долларлык кийимдерди жүктөп алып фура келип жатат. Бул жүктөр үчүн өздүк наркынын 10 пайызын бажы пошлинасы үчүн жана 12 пайызын кошумча нарк үчүн салыкка төлөш керек. Орто эсеп менен 12-13 миң долларды. Аларда мындай схема түзүлө калат, бул жерде эч кандай кийимдер жок, банандар жүктөлгөн. Банандар эч кандай 50-60 миң доллар боло алышпайт, көп болсо 10 миң доллар болушат. Ошол үчүн бюджетке төлөй турган 12-13 миң сомдун ордуна, көп болсо бир жарым, эки миң доллар төлөп коюшат. Ал жми Бажычы кур калмак беле, товардын наркын түшүрүп бергени үчүн жүк ташып бараткан адам сүйүнүп туруп анын чөнтөгүнө мамлекеттин көзүн будамайлап тиешелүү нормадагы акчасын салып берет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости