www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 25 жаштагы Айтурган Маматкулованын сырдуу өлүмү боюнча кылмыш иши Башкы прокуратуранын көзөмөлүндө экени кабарланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, коомчулукта резонанс жараткан 25 жаштагы Маматкулова Айтурган Мустафаевнанын өлүмү боюнча кылмыш иши 12-июлда Бишкек шаарынын Октябрь РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин 128-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Козголгон иштин алкагында, өлүмдүн так себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы менен тийиштүү укуктук баа берилет.

Белгилей кетсек, А.Маматкулованын өлүмү боюнча козголгон кылмыш иштин тергөөсүнүн жүрүшү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости