www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак үй ажыдаардын үңкүрүнө айландыбы?

Кечээ жогорку кеңештин жыйынында Мирлан Жээнчороев катуу опулдады. Анын айткан кеби да бир жагынан туура. Учурда сайсий элиталардын баркы кетип, эл сыйлабай калганы Мирлан мырзаны катуу түйшөткөн өңдүү. Андан дагы “Ак Үй ажыдаардын үңкүрүнө айланып баратат” деп басым менен айтты. Ак үй ажыдаардын үңкүрүнө айланышына кошоматчы, эки жүздүү, ажону баш кылып алдагандардын кесепети тийип жатат, биз алардан тазаланамайын иш оңолбойт - деп басым менен кеп учугун чыгарды. Мирлан Жээнчороев абдан туура айтты. Анткени ак үй чын эле ичип-жеген чоңдордон арылмайын, иш алдыга жылбайт.

“Темирди сууга салсаң дат болот, жакын адамды бийликке койсоң жат болот” деп айтылгандай, бийлик секисине чыккан канча киши ичип-жей, ач көздүккө бериле  коюп, өз элине батпай жат болгондордун саны канча?

Мирлан мырза айткандай ак тилек  менен элге кызмат кылчууларга арналып салынган “Ак Үй” ажыдаардын үңкүрүнө айланганына канча болду, болбосо, өлкө өнүгөт эле го? Андыктан элге жаңы жүздөр, жаңыча ойлонгон таза адамдар аба менен суудай керек экенин Мирлан мырза күйгөнүнөн айтты.

Бердикожо Бийназаров,

Булак: NazarNews.kg

Последние новости