www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын түзүлгөн күнүнө карата Кыргыз Республикасынын ИИМи тарабынан Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында Эс алуу Үйү ачылды. бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, ИИМдин МАККББнын башчысы, милициянын генерал-майору Талант Исаев, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин Төрагасы Султан Жоошбаев, Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров ИИМдин МАККББнын мурдагы башчылары Эрмек Сатиндиев, Осмоналы Гуронов жана аталган бөлүмдүн башка ардагерлери катышышты. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2015-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан ИИМдин “Держинец” балдар ден-соолугун чыңдоо лагеринин аймагынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын ардагерлери, кызматкерлери (үй-бүлөө мүчөлөрү) эс алууга арналган Эс алуу Үйүн курууга 33 млн. сомдун тегерегинде акча каржаты коротулган. Азыркы учурда 42 бөлмөлүү жана 72 орундуу ашканасы бар эки кабаттуу корпустун иши аяктады. Эс алуу Үйүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын өз каражатарынын эсебинен гана курулуп, мамлекеттик бюджеттин жана башка булактардын каражаттары тартылган эмес. Ошондой эле тиешелүү жабдыктар (селкинчек, отургуч, теле-видео аппаратуралар ж.б.) менен орнотулган балдар аянтчасын куруу, андан соң долбоорго ылайык бак-дарактарды отургузуу, жашылдандыруу пландалууда. Республиканын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиев, “АтаМекенине кызмат кылууга бүт өмүрүн арнаган кызматкерлерге терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бүгүн бул кызматтын ардагерлери сыртта калбай, бөлүмдүн иштерине активдүү катышып, кылмыштарды алдын алууга жана ага бөгөт коюуда, милициянын өздүк курамынын күжүрмөн даярдыгын колдоодо өз салымдарын кошуп келишүүдө.” -деп билдирди. Министр Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан региондорду өнүктүрүү жана өлкөнүн укуктук тартибин колдоо жөнүндө программалар боюнча бир катар маанилүү тапшырмаларды койгондугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.
Булак: NazarNews.kg