www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Арзымат жашы өтүп калганда үйлөндү. Бирок, эмнегедир кээ бир кезде талма оорусу менен ооруп калган адаты бар.
Бир күнү үйүндөгүлөр, жакын туугандары жанын койбой, өздөрү кыз таап үйлөнтүп коюшту. Бирок, эмнегедир үйлөнгөндөн кийин талмасы кармабай калды.
Арадан билинбей бир жылга чукул убакыт өтүп, келиндин төрөй турган учуру жакындап калган кезде, жөндөн-жөн туруп эле бала бойдон түшүп калды. Ушул убакта Арзыматтын талма оорусу кайра кармап, намаз окуган балдар Арзыматты мечитке ээрчитип барышты, курган бала каршы болуп жатып араң барды.
Келгенге чейин жакшынакай эле олтуруп, качан азан айтылып баштаганда Арзымат чалкасынан кетип, оозунан ак көбүк агып, талмасы кармап калса болобу. Балдар сыртка көтөрүп чыгып, жаткызып коюшат. Качан азан үнү айтылып болгондо Арзымат кадимкидей эсине келип, сүйлөгөнгө жарайт.
Бешим намазы окулуп болгондо райондун борборунан келген молдоке, өңү кер сары тартып турган Арзыматтын ичине жин кирип кеткенин дароо билип, дем салып баштаганда, кадимкидей жин аялдын үнү менен жалынып сүйлөй байтайт:
- Мага тийишпегиле, мен Арзыматтын ичинде отуз жылдан бери жашап келе жатам, мени чыгарам деп убара болбогула - деп жан алы калбай айтат. Жиндин үнүн уккан ошол жердегилер абдан таң калып калышат. Молдоке жиндин тилин албай күчтүү дубаны окуганда Арзымат ушунчалык каршы чыгып, катуу кыйналат. Молдоке күчтүү балдарга Арзыматты карматып, колу –бутун таңдырып коюп, кеминде бир сааттай убакыт дем салат. Ушул убакты жин катуу кыйналып, жалынып- жалбарат. Бирок молдоке анын сөзүн угуп да койбойт. Ошол күндөн баштап жиндин күчү кайтып, Арзыматтын абалы оңолуп, жакшы болуп калат. Молдоке жыйырма күн деп салгандан кийин жин ичтен чыгып, катуу өкүнгөн экен “бекер гана болду” деп. Ал дагы жашоо менен күрөшүп, өзүнүн талабын аткарганына да түшүнүү керек.
Ошол себептен ичке жин кирип кеткендер курандын сүрөөсүн уккандан, мечитке баргандан жаа бою качышат экен. Анткени ичке кирип кеткен жин каршы чыгары жөнүндө молдоке айтып берип, дагы уккан адамдарды таң калтырды.
Молдокенин ачык эле “Ачкыл сууга берилгендер мечитке бара алышпайт, анткени аларды жин башкарып алган” деп айтканы да чындыкка жакын экенин эске алганыбыз жөндүү.
Демек, биз куран окуп, андан санда болсо дагы мечитке барып намаз окуп жүргөнүбүз жөндүү экен, көрсө
Укканын жазган Бердикожо Бийназаров,
Булак: NazarNews.kg