www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак жоолукчан келинди көргүм келет...

Тээ союздун курчуп, эл иштен бошобой турган кези. Жаз мезгили эле. Колхоздун малы төлдөп, элдин көбү сакмалга кетип, айылда киши саны аз. Ошол кезде шаардан Турусбек деген байке аял алып келип, той болуп калды. Ал кезде келин алган үйдө той үч-төрт күнгө созулуп, түтүн буулап, эл аягы үзүлчү эмес эле. Арадан бир аптадай убакыт өтүп калган кезде мен сабактан келип, койлорду айылды бөлүп аккан сайга айдап сугарганы келсем, Турусбек байке алып келген келинчеги кайын сиңдиси менен суу алганы келиптир. Ак жоолукту кыйгач салынып, эки чака менен суу көтөрүп бара жатканы ушунчалык көзүмө бир башкача көрүндү. Айдан түшкөн үрдүн сулуу кызындай эле мага таасир берди.

Андан дагы жаш келинге ак жоолук салынган көркүнө көрк кошот белем. Көз тойбой узап кеткенге чейин карап турдум. Ошол күндөн баштап, Турусбек байке жашаган үйдө айланчыктап караган мага адат болду. Ал кезде мен сүйүү эмне экенин деле билген эмесмин. Айткандай мен ал жаш келинди сүйүп калган жокмун, анын сулуулук тартуулаган көрүнүштү көргүм келди. Ал келиндин келбетине кызыктым. Алтынчы күнү болгондо сабактан чыгып, сарайды көздөй жөнөдүм. Анткени атам, апамдар сакмалга кетишкен эле да. Сарайга барган укмуш кызык болучу. Анткени жаңы тууган койлордун козусун эмизгенди жакшы көрчүмүн. Койлор дагы баласаак болуп, козусун салган кезде ыраазычылык билдирип маарап калышчу. Биз кечки малды жайлап, үйгө жаңы келсек, чабандын үйүнө конок келди деп калышты. Көрсө чабан Турусбек байкени келинчеги менен отко киргизип чакырыптыр.

Мен ошондо Айжамал жеңени ушунчалык жакын жерден көрдүм. Укмуш сулуу экен. Колдору аппак анан назик, үнү дагы кулакка жагымдуу, анан күлкүчү экенин байкадым. Анын жанына чыккым келбейт десең. Ошондо мага Турусбек байкедей бактылуу киши жоктой сезилди. Анткени ошондой сулуу жандын күйөөсү болуу эмне деген бакыт. Арадан эки апта убакыт өткөндө Турусбек байкелер кайра шаарга кетишти. Мен үчүн Айжамал жеңе жок айыл ээнсиреп калды. Айжамал жеңе айылга көрк берип тургандай сезилген. Бир айга чукул убакыт айылда болгону мага көп жылдай сезилген болучу. Арадан туура алты айдай убакыт өткөндө, тактап айтканда күзгө таяп келишти. Жеңе боюн жашырып узун көйнөк кийип алыптыр. Көрсө боюнда бар экен да. Ооба, боюнда бар келинге узун көйнөк кийген да ушунчалык жарашат белем. Айжамал жеңем айылга келгенде мага кадимкидей жакшы таасир берип, көз кубанткан сулуулук тартуулап кетчү.

Азыр ошол Айжамал жеңем салынгандай ак жоолукчан келинди көргүм келет, бирок азыр андай табигый сулуулук тартуулаган келиндер жокко эсе. Анткени заман башка, адам башка. Азыр Айжамал жеңемден өң кетип, карылык айылына баш багып калган. Он чакты бала төрөп, учурда неберелердин курчоосунда үйдө бала багуу менен алек. Эх, көрсө жашоо, аң-сезим эмне болгон күндө дагы табигый сулуулукка, кооздукка тартыла берет белем.

Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости