www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети «2018-жылдын 17-майында Астана шаарында кол коюлган Бир тараптан ЕАЭБ менен анын мүчө мамлекеттеринин жана экинчи тараптан Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Соода-экономикалык кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды деп билдирет Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Талкуу жүрүшүндө депутат Руслан Казакбаев 2018-жылы андан ары жылдыруу үчүн элчиликтерге канча бизнес-долбоор жөнөтүлгөнүнө кызыкты.

Экономика министри Олег Панкратов инвестиция тартуу маселеси менен Экономика министрлиги жана Инвестицияны жылдыруу жана коргоо агенттиги иш алпара турганын белгиледи. Анын айтымында, өткөн жылы өлкөгө 345 млн доллар көлөмүндө инвестиция тартылып келсе, 328 млн доллар көлөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.

Экөөнүн ортосундагы айырма анчалык деле чоӊ эмес экенин белгилеген депутат Бахадыр Сулейманов мынчалык инвестиция тартып келдик деп мактануунун деле кажети жок экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости