www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жанар Акаев Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу демилгесин көтөрдү. Мэрдин сөзүнө караганда, тоонун айланасындагы жол, инвестициялык долбоорлор жана курулуштар ЮНЕСКОнун талаптарына туш болуп, шаар бийлигинин пландарына тоскоолдук жаратууда.
Акаев муну: «ЮНЕСКО бир сом акча бербейт, Сулайман-Тоонун тегерегине инвестициялык долбоорлорду алып келсек, Сулайман-Тоо дүйнөлүк мурастар тизмесинде экенин билдиришет», - деп айтышат, «эл аралык коомчулук сөксө Ош мэриясын сөксүн, ЮНЕСКОдон чыкса чыгып эле кетеличи», - деп агынан жарылды.
Ал түгүл: “Мирбек Кемеловичке (Ред: Маданият министри) мен тамашасыз айтып жатам. Сулайман-Тоону ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинен чыгаруу боюнча жакында расмий кат берем. Ойлонуп көрүңүз дедим. Ал таң калып, катуу каршы да болгон жок, макул да деген жок. Ойлонуп калды”, - деп бакылдады.
Маселенин эң кооптуу жери ушул жерде турат. Маданий мурасты баалоонун өлчөмү “акча” деген түшүнүккө негизделип, коммерциялык көз караштан талданып жатат. Дегенибиз, Сулайман-Тоо жөн гана жер тилкеси, инвестициялык аянт же жол курууга ыңгайлуу объект болуп эсептелбейт. Ал миңдеген жылдык тарыхты, элдин эс тутумун, руханий дүйнөсүн жана муундан муунга өткөн баалуулуктарды камтыган уникалдуу мурас катары ЮНЕСКОнун тизмесине кирген. Демек, бул жердин баасы бүгүнкү коммерциялык долбоордон алда канча жогору турарын Жанар Акаевдин акылы жетпей жатканы таң калтырат. Себеп дегенде жолду, имаратты, соода борборун кийин каалаган жерге курууга болот. Ал эми тарыхый-маданий мурастын облиги бузулса, түп нускасын кайра жаратуу мүмкүн эмес.
Албетте, Ош өнүгүш үчүн инвестиция тартылып, инфраструктура жаңыланууга тийиш. Бирок өнүгүү деген чапанга жаманып тарых менен маданиятты коммерциялык долбоорлор үчүн курмандыкка чалуу акыл-эстүүлүккө жатпайт. Тескерисинче, Сулайман-Тоону сактап калуу менен анын айланасында сапаттуу туризмди, маданий индустрияны өнүктүрүүнүн жолун издөө керек.
Андыктан мэрдин «бир сом акча бербейт» деген жүйөсү суу кечпеген тайкылык. Руханий баалуулуктун баасы акча менен өлчөнбөйт. Улуттук маданий мурастарды сактоо, келечек муун алдындагы жоопкерчилик катары каралышы парз. Сулайман-Тоо бизге акча табуу үчүн эмес, кийинки муундарга бүтүн бойдон өткөрүп берүү үчүн аманат кылынган.
Демек, Оштун мэри Жанар Акаев акылдан айныбаса, ушул жагдайды аңдап-баамдап, акчадан дагы жогору турган руханий баалуулактар болоорун элдир-селдир эси болсо журтка күлкү болбой эсине алышы абзел. Ал үндөбөй койгондо анын акмактыгын эч ким байкамак эмес демекчи, идея, сунуш дагы акылга сыйарлык болсо колдоого алынат. Болбосо, түз жерден багелегине чалынып уят болуштун кажети жок.