www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча протоколдук тапшырмаларды аткаруу максатында жыйын өттү. Ага ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Жыйында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу, өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын унааларынын техникалык абалын талапка ылайык кармоо жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо маселелери каралды.

Мындан тышкары, Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн чет өлкөлөрдөн келген делегацияларды тосуп алуу жана аларды белгиленген маршруттар боюнча коштоп жүрүү учурунда жол коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү көрсөтмөлөр берилди.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлерге коюлган милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткаруу зарылдыгы белгиленди.
 

Последние новости