www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акаев Разаковдун дарегине катуу сөз айтты

Күч структураларын кураторлук кылган вице-премьер-министр Жеңиш Разаков элден кечирим сурашы керектигин депутат Жанар Акаев талап кылды. Өкмөттүн чиновниги буга чейин Баткендеги чек ара маселеси боюнча митингге чогулган адамдар акцияга акчага үчүн чыккандыгын билдирген болчу. Депутат Акаевдин баамында, Разаковдун бул сөзү элди мазактоого барабар. Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында эл өкүлү Разаковдун сөзү боюнча төмөндөгү оюн ортого салды.

- Разаков кечээ комитетте “чек араны тактап бергиле, жардам бергиле” деп чыккан эл каржыланган, акча үчүн чыккандар деп атады. Бул элди мазактоо, Жеңиш Разаков бул сөзүнө сот алдында жооп бериши керек . Кыштын чилдесинде чек арадан бери эл кыйналып келип, өкмөткө талабын коюп, радикалдуу сөздөрдү эмес, элдин, карапайым калктын талабын, көйгөйүн айтып жатса аларды акчага чогулгандар деп атады. Бул туура эмес. Разаков же кызматын тапшырсын“,- дейт депутат Жанар Акаев.

Белгилүү болгондой, буга чейин чек ара маселесине байланышкан көйгөйлөр тез арада чечилиши керек дегендер Бишкек жана Баткен шаарларында митингге чогулуп, парламент, өкмөт жана президентке бир нече пункттан турган талаптарын койгон. Алардын бири вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду кызматтан алып ордуна компитенттүү адамды дайындоо жана чек араны демаркация жана делимитациялоо маселесине байланышкан эки өлкө ортосундагы сүйлөшүүлөр ачык жүрсүн деген талаптар болгон.

Буга чейин, Жеңиш Разаков убагында Баткендеги чек араны бекемдөө максатында биринчи президент Аскар Акаевдин демилгеси менен 1996-жылы жаңы түзүлгөн Максат айылынын башчысы Сапарали Адинаевди чек ара маселесине байланышкан митингге катышкандыгы үчүн иштен алуунун амалын издеп жүргөндүгү айтылган. Анда дагы депутат Жанар Акаев Сапарали Адинаевди колдоого алып, ал адамга алкышын билдиргендиги бар.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости