www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында коронавирус оорусунан каза болгондордун саны 9га жетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, ооруга чалдыккан адамдардын саны күн санап өсүүдө. Азыркы учурда ооруга чалдыккан адамдардын саны 440ка жетсе, 227 адам дарыланып жатат. Алардын ичинен 51и адам оор абалда деп айтылса, 12 адам өтө оор абалда. Ал эми бул оорудан 9 адам каза болду.
Кытайда пайда болгон аталган оору Тайванда, Түштүк Кореяда, Японияда, АКШда жана Таиландда катталды. Ал эми Сингапур, Гонконг жана Австралияда бул ооруга окшош вирус табылгандыгы маалыматта айтылат.
Эске салсак, 2019-жылдын декабрь айында коронавирус чакырган пневмония оорусу Кытайдын Ухань шаарында катталган.
Булак: NazarNews.kg