www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--15-апрелде Бишкек шаардык соту Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу маселени карамак. Тилекке каршы Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылды. Муратбек Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин айтып, эркиндикке чыгаруу маселеси каралып коомчулукта талкуу болуп жатканына жарым жылдан ашуун убакыттан өттү. Сиздин пикириңиз кандай?
--Муратбек Суталинов боюнча сот органдары тез арада чечим чыгарышы керек. Себеби бул жерде Суталиновдун ден соолугу начарлап жатканын атайын комиссиянын жыйынтыгы чыккан. Ал кишинин ооруганы көрүнүп эле турат. Мисалы жакын арада эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча «оорулуу деген аныктама (справка) берди» деген айып менен медиктерди камабадыбы? Бул жерде ошондогу Башкы прокурор Аида Салянова “дарыгерлер дартты аныктап көрсөтмө жазып коюптур, мен эмне кыламын”, деп айтты. Эми бир мисалды тактап кетейин, менин башыман оор кыйынчылыктар өтүп турганда Салянова кызматта турган. Мага дарыгерлер чет жакта операция жасаш керек деп аныктама берген. Салянова ошондо дарыгерлердин жазганына ишенбей 14 адамдан турган комиссия түздүргөн. Комиссия жыйынтыгын чыгарганда дагы эске албай койгон. Мисалы Батукаевдин ден соолугу тууралуу дарыгер аныктама жазып келгенде дагы Салянова комиссия түзүшү керек эле. Эмне үчүн Батукаевге андай кылган жок дагы бир дарыгердин көрсөтмөсү менен кетирип, өтө чоң одоно мыйзам бузган. Сеебеби бир врач кандай аныктама койсо кийин көйгөй чыкпаш үчүн толук кандуу комиссия түзүп ошол комиссиянын негизинде чыгарыш керек эле. Азыр жөн эле бет тырмачылык кылып жатышат. Мен ишенем батукаевдин иши боюнча негизги күнөөлүүлөр жазасын алат деп. Суталинов боюнча айта турган болсок, комиссия түзүлгөн жыйынтыгы чыкты, анын ооругандыгы көрүнүп турат. Суталиновду камактан чыгарбаса болбойт. Ал кишинин ооруп жатканы көрүнүп эле турбайбы?
--1-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда болуп өткөн бир тууган Матраимовдор өткөргөн иш-чара кандай өттү?
-- Кара-Суу районунда болуп өткөн бир тууган Матраимовдор 7 жылдан бери өткөрүп келе жаткан жана ЖК депутаты, досум Улугбек Ормонов Өзгөн шаарында 17 жылдан бери өткөрүп келе жаткан иш-чаралар мыкты өттү. Бул жакшы көрүнүш.
Бир тууган Матраимовдор атасынын атынан “Исмаил Ата” фондун түзүп, ошол фонд аркылуу Кара-Суу районунун элинин социалдык маселелерин чечип жаткандыгы мактоого татыктуу. Жол, канал, мечит, спорт сарай куруу, жетим жесирлерге жардам көрсөтүү өңдүү бул иштердин эмнеси жаман? Раимбек Матраимовду бир Атамбаев жалган сөздөр менен жаман десе, ал эмне үчүн жаман болуп калышы керек?
Мени учурунда Атамбаев, Фарид аркылуу бүт мамлекеттик ММКлар аркылуу эки-үч жыл жамандатты. Бүгүн мына баарын Алла Таалам өордуна коюп жатат. Мен Атамбаев жана анын жан-жөкөрлөрүнө бирөөнү каралоо, жалган жалаа коюу боюнча “мастер” деген наам бермекмин.
-- Матраимовдор өткөргөн иш-чарага бир топ өкүлдөрү барганы коомчулукта талкуу болуп ур-токмокко алынды, баргандар актанып бүтө элек. Алардын катарын сиз дагы толуктадыңыз...
--Матраимовдордун иш-чарасына барып алып, депутаттардын кайрадан келип актанганы туура эмес. Сени ким чакырды эле, анда барбай эле койбойт белең? Алар элдин астына барды да. Ал жерде 20 миңден ашуун адам чогулду. Мисалы, мен көптөгөн шайлоочуларым менен жолуктум. Чындыгында аябай чоң салтанат болду. Мен ойлоймун Матраимовдор кимдин-ким экенин билип алышты. Бул жагы бир чети жакшы болду. Ошончолук каттуу талкууга түшкөндөй Райымбек Матраимов кылмышкер бекен, эмне күнөөсү бар? Бул жөн эле көрөалбастык. Учурунда мени каралаганда эч кандай тийешеси жок кыймылсыз мүлктөрдү меники деп жалган маалымат таркатышкан.
--Баса, Атамбаевди сотко бердиңиздер эле...
--Атамбаев бийликте турганда каалаганда каалаган гезит менен ТВны сотко берип жаап салган. Бүгун ал учурда демократия болбой азыр ага демократия керек болуп калдыбы? Ал учурда мйзамдар тебеленип каалагандай өзү сот, прокурор болуп, бугун башканы айтып жатканы туура эмес. Бул деген бет тырмачылык. Атамбаев менен Фариддин уяты жок!
Булак: NazarNews.kg