www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону каршы чыккан элди сооротуубу же чындап эле анын зыяндуу жагын эске алып, өкмөт экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабы?

- Бул боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчы кенен жооп берди. Негизи мамлекет үчүн эң негизги маселе - элдин саламаттыгы, экологиялык коопсуздук.

Ошондуктан Орто Азия эле эмес, дүйнө суктанган көгүлтүр берметибизден уран кенин иштетүү - бул келечекке чыккынчылык кылуу деп билем. Анткени уранды кайра иштеткенге болбойт. Ал ачык абага чыгарбай турган, стандартка туура келбеген руда. Анын калдыгындагы радиация бир нече миң жылга чейин коркунуч жарата берет. Ошондуктан уран иштетүү чоң экологиялык каргашага алып келип, эл үчүн, мамлекет үчүн анын кесепеттери өтө эле оор болушу мүмкүн. Уран казууга уруксат берген бир ууч топтун кызыкчылыгынын негизинде керемет көлүбүз радиоактивдүү булгануусу жогору аймакка айланат. Бул жерде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына суроо-талап кескин азаят. Ал эми мыйзамдын тили менен айта турган болсок, Ысык-Көл - биосфералык аймак, бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Мына ошондуктан жарандарыбыздын саламаттыгына, экологияга, жаратылышка зыян тийгизсе, анда ал кенди мамлекет иштетүүгө жол бербеши керек.

Булак: "Фабула"

 

Последние новости