www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн уран казууну убактылуу токтоткону каршы чыккан элди сооротуубу же чындап эле анын зыяндуу жагын эске алып, өкмөт экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабы?

- Өкмөттүн бул аракети элди токтотуу эле деп эсептейм! Булар такыр эле мамлекетти, элибизди ойлобой калышкан окшойт. Элибиздин ден соолугуна зыян келтирүүчү заттарды такыр казып алууга тыюу коюш керек. Ансыз деле биздин территориябызда ар кайсы жерлерди казып алтын болобу, башка болобу көзөмөлү жок эле иштетип жүрүшөт. Ошондуктан элибиздин келечегин ойлосок, мамлекетибизге кайдигер карабасак уран казууга жана иштетүүгө уруксат бергендерди өмүр бою каматып салыш керек! Алардын ушундай уулуу затты казууга уруксат бергени мамлекетке, элге чыккынчылык кылганга барабар иш болду.

Урандын экологияга, адамдардын ден соолугуна болгон зыяндуулугун уран казганга уруксат бергендер билишпесе, Ак-Туз, Мин-Куш, Кажы -Сай жана уран казылган, анын кесепеттери жоюлбай жаткан жерлерге барып көрүшсүн. Эркектердин бою өспөй, тиштери түшүп, оорулуу болуп калышкан. Өкүнүчтүүсү, урандын калдыктарын көмүп коюуга мамлекеттин каражаты жетишпегенинин айынан жана чиновниктердин жоопкерчиликсиздигинен ал аймактарда рак оорусу дагы күчөп жатат. Ошон үчүн казардан мурун, анын элге тийгизе турган кесепеттерин эске алыш керек.

Булак: "Фабула"

 

Последние новости