www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акматбек Келдибеков жактоочу Нурбек Токтакунов тарабынан таратылган документтер тууралуу «Марал» радиосуна маек берип ɵз оюн билдирди. Ал:

-Мындай документти каалагандай сандары менен компьютерди билген ар бир адам жасай алат. Бул жɵн эле бир кагаз. Атамбаевдин бийлиги учурунда сүйлɵгɵн-сүйлɵбɵгɵндүн баарын теелфондон тыңшоо кылып, Атамбаев тууралуу каршы пикирин билдиргендердин баарын түрмɵгɵ камалган. Биздин Ата-Журт партиябыздан 16 кишини жоопкерчиликке тарткан. Мына ушуну саясий куугунтуктоо десек болот. Мындан тышкары Түлеев боюнча, ал мэр болуп 2008-2009 жылдары иштеген болсо анын атасы 2004-2005-жылдары иштеп тапкан мүлктɵрүнүн баарын тартып алган. Ушул даана куугунтуктоо да. Мунун себеби Атамбаевдин дарегине экс-мэр Нариман Түлеев ɵтɵ катуу сɵздɵрдү айтып сындаган эле. Мен бул окуянын күбɵсү болом. Ошондон кийин ɵч алуу максатында Түлеевге каршы чыгып, эч кандай далилдерсиз аны куугунтуктап, моралдык жана материалдык зыянга учураткан. Ал эми бүгүнкү күндɵгү түрмɵдɵ жаткандардын кɵбү СДПК партиясынан, алардын айыбы ачылып, күнɵɵлɵрү үчүн отурат. Былтыр кышта ТЭЦ жарылбаганда, «кир» чыкпай булардын мыйзам бузуулары билинбей калмак» деген оюн айтты Акматбек Келдибеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости