www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы акыркы маегинде бийликке болгон таарынычын айтты. М​урдагы премьер-министр Темир Сариев “Азаттыкка” ушундай пикирин билдирди. Анын айтымында, маектин жүрүшүндө буга чейин мамлекетти башкарган адам өлкөнүн багыты, өнүгүшү жана туруктуулугу жөнүндө сөз кылган жок.

- Айрым маселелерди сөз ортосунда кошуп кетип жатты, - деди Темир Сариев. - Алар боюнча коомчулукта да көптөгөн суроолор бар. Ал маселелер боюнча бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушуунун жүрүшүндө өлкө башчысына ачык, так маалымат берүүнү сунуш кылдым. Анткени президенттен бир катар жагдайлар боюнча коомчулук да жооп күтүп жатат.

Бүгүн, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолугушту.

Ага экс-спикерлер Медеткан Шеримкулов, Алманбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Ишенбай Кадырбеков, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Адахан Мадумаров, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Ахматбек Келдибеков жана Чыныбай Турсунбеков келди. Ошондой эле жыйынга мурдагы премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов, Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, Азим Исабеков, Игорь Чудинов, Жоомарт Оторбаев жана Темир Сариев да катышты. 

Булак: "azattyk"

Последние новости