www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балаңыз менен интимдүү темалар тууралуу канчалык эрте сүйлөшсөңүз, ошончолук жакшы.

Балаңыз каяктан жаралганын сурап жатабы? Кыздар менен эркек балдардын жыныс мүчөсү эмнеге окшош эместигин билгиси келеби? Эгерде суроолоруна туура эмес жооп берип алам деп кабатыр болсоңуз бул китептер жардамга келет.

«Мен кантип пайда болдум? Ыңгайсыз суроолорго туура жооп»

5-10 жаштагы балдар үчүн жыныстык катнаш тууралуу китеп. Жыныстык мүчө, дене түзүлүш, мастурбация, кош бойлуулук жана контрацепция тууралуу жеңил, позитивдүү жана сыпайы жазылган. 

Робби Харрис «Кел, балдар кайдан пайда болоору тууралуу сүйлөшөбүз» жана «Кел, мамиле тууралуу сүйлөшөбүз» 

Педагог Робби Харристин китебинен ар кайсы курактагы балдардын көйгөйлөрү – сезимдери, дене түзүлүштөрү, бойго жетилүүсү боюнча окуй аласыз.

Франсуаза Буше «Китеп, балдар жана кыздар тууралуу баарын айтып берет»

Франсуаза Буш - белгилүү француз жазуучусу жана сүрөтчү, ал тургай, көп балалуу эне. Китеп  балдарга мамилелерди күлкүлүү сүрөттөр менен түшүндүрүп берет. 9-13 жаштагылар үчүн иштелип чыккан. Эскертүү: гомосексуализм тууралуу маалымат бар.

«Аялдар жана эркектер»

“Аялдар жана эркектер” - сексуалдык зордук-зомбулукка болгон сабырдуулукту азайткан, аялдар жана кыздардын коопсуздугун жогорулаткан китеп.

Альберто Пеллай «Өтө эле эрте. Интернет заманында жыныстык тарбия берүү»

Альберто Пеллай – дарыгер, психотерапевт, көп балалуу ата, коомдук саламаттык сактоо тармагында жасаган эмгеги үчүн Италияда медаль менен сыйланган. Китепте ата-энелер үчүн татааал болгон: порно, секстинг  жана киберкоркутуу, сексуализация суроолоруна жооптор бар. Муну ата-энелер сөзсүз окушу керек!

Дебра Хаффнер «Жалаяктан биринчи жолугушууга чейин» жана «Биринчи жолугушуудан бой жеткенге чейин»

Хаффнер - жыныстык билим берүү боюнча америкалык эксперт. Китеп жыныстык катнаш жөнүндө гана эмес, ичкилик, баңгилик дары-дармектер, кооптуу жүрүм-турум, алгачкы ашыктык, суицид тууралуу. Көптөгөн реалдуу мисалдар менен изилдөөлөрдү камтыган.

Булак: "bilesinbi.kg"

Последние новости